
16-майда Жогорку Кеңеште компетенттүү мамлекеттик органдардын, эл аралык аймактык уюмдардын, илим жана жогорку билим берүүчү мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда Борбор Азия аймагындагы коопсуздукка каршы чакырыктар жана коркунучтарга арналган кеңешме болуп өттү.
Иш-чарага Орусиянын Мамлекеттик Думасынын, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү катышты. Ал эми Беларусия жана Тажикстандын парламенттеринин өкүлдөрү онлайн күбө болушту.
Кеңешменин жүрүшүндө чөлкөмдөгү туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтирүү, аймактык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. 2024-жылы ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын катчылыгы менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койгон ЖОЖдордун жетекчиликтери жана аймактык коопсуздук жаатындагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да өз сөздөрүн айтышты.
ОшМУдан окуу иштер боюнча проректор Руслан Арапбаев катышып, быйыл мартта Санкт-Петербург шаарында өткөн Парламенттик ассамблеянын жыйынында окуу жайдын эксперттик-иш тобу «Жаштарга деструктивдүү идеологиялардын таасирин нейтралдаштыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу демилгеси менен чыккандыгын белгиледи. Бул демилге эксперттер тарабынан колдоого алынып, 2026–2030-жылдарга карата уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын жакындатуу жана гармонизациялоо программасына киргизилген.
Бул модель мыйзамдын максаты — ЖККУга мүчө өлкөлөрдө жаштарга терс идеологиялардын таасирин азайтуу үчүн натыйжалуу укуктук механизмдерди иштеп чыгуу, улуттук мыйзамдарды жакындатуу жана гармонизациялоо, ошондой эле жаштардын социалдык туруктуулугун жана укуктук корголушун камсыздоо болуп саналат.
ОшМУнун эксперттик-иш тобунун мындай демилгеси уюмдун алкагында жаштардын коопсуздугун камсыздоодо жана терс идеологияларга каршы күрөшүүдө маанилүү кадам катары бааланарын кошумчалады. Учурда ОшМУда жаштар үчүн коопсуз чөйрө түзүүгө багытталган бир катар комплекстүү чаралар ишке ашырылууда.
Кеңешменин соңунда ЖККУ ПАнын катчылыгы менен Кыргызстандын ЖОЖдору жана бир катар уюмдардын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду.