ББПУА агенттиги тарабынан программалык аккредитация өткөрүлдү

Башкы Жаңылыктар

ББПУА агенттиги тарабынан программалык аккредитация өткөрүлдү

Image

ОшМУдагы теология, электр менен камсыздоо, автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо, физикалык терапия орто кесиптик билим берүү жана педагогика (бакалавриат, магистратура), социалдык-экономикалык билим берүү (бакалавриат, магистратура), математика жана компьютердик илимдер (бакалавриат), башталгыч билим берүү, англис тили (бакалавриат), дене тарбия жана спорт жогорку кесиптик билим берүү багыттары боюнча программалык аккредитациядан өттү. 

Иш-чара 29-30-апрель күндөрү өтүп, аны Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги жүргүздү. 

Аккредитациянын максаты — ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын жогорку сапатын, алардын заманбап стандарттарга жана иш рыногунун талаптарына ылайыктуулугун тастыктоо.

Аталган процедуранын жүрүшүндө агенттиктин эксперттери билим берүү программаларынын окуу пландарын, материалдык-техникалык базасын, илимий-изилдөө иштерин жана кызыктар тараптар менен өз ара аракеттенүүсүн баалашты.

 

Фото галерея