ОшМУ менен ФерМУнун кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен ФерМУнун кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлдү

Image

ОшМУнунун тышкы байланыштар боюнча проректору  Курсантбек Аттокуров, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуу усулу кафедрасынын окутуучулары, студенттери   Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университетинин Табигый илимдер факультетинде иш сапарда болду.

Делегация университеттин жетекчилиги менен жолугуп, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты. Тараптар эки университеттин ортосундагы түзүлгөн келишимдин алкагында билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо маселесин сүйлөшүштү. 

ОшМУнун окутуучулары ФерМУнун Ботаника, биотехнология жана экология кафедрасынын студенттерине конок лекцияларды жана практикалык сабактарды өтүп беришти. 

Бул сапар окуу жайлардын ортосундагы илимий-практикалык байланыштарды чыңдоого жана студенттер менен окутуучулардын тажрыйба алмашуусуна чоң өбөлгө түздү. 

 

 

Фото галерея