Менин илимге болгон жолум ушул ОшМУдан башталган...

Башкы Жаңылыктар

Менин илимге болгон жолум ушул ОшМУдан башталган...

Image

Акжол Досназаров Батыш Чех университетин Ph.D докторанты, ОшМУнун  тарых жана социалдык иштер факультетинин  (тарых адистигинин) 2019-жылкы бүтүрүүчүсү

ОшМУда өткөн студенттик күндөрүм жаштыгымдын эң керемет, кайталангыс жана мүмкүнчүлүктөргө бай мезгили болду окшойт. Ар бир студент катары биз да окуу менен биргеликте эмнегелерге гана кызыгып көрбөдүк.  Көбүнчө группалаштар менен өткөргөн күндөрүм, жана мугалимдеримдин айткан кеп-кеңештери, берген билими жана тажрыйбалары эч качан эстен кетпейт. Алардын мага үйрөткөн көп нерселерин азыр эстеп толук айтып бере албасам да, жашоодо колдонуп, дагы бирөө менен бөлүшүп, жакшы жактарын гана алып жүргөнүм анык.

ОшМУда алган билимим жана дипломум менен Европадагы Чехия мамлекеттинин эн алдынкы университеттеринин бири болгон Батыш Чех университетине магистратурага өттүм, аны 2 жыл мурун ийгиликтүү аяктап, азыр ушул эле университетте  Ph.D докторантурада окуйм. Буга чейин окууда жетишкен кандай ийгиликтерим болбосун же азыр жетишип жаткан бийиктиктер болбосун, ушулардын баарынын башаты ОшМУдан алган билимимден башталат. Азыркы учурда Фергана өрөөнү боюнча өзүмдүн докторлук изилдөөмдү да жүргүзүп жатам.

     

ОшМУ бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эле эмес, Орто Азиядагы масштабдуу университеттердин бири. Азыр студенттерге түзүлүп жаткан шарттар өтө жакшы жана ошону менен бирге университеттин сырткы саясаты  жогорку деңгээлде. Өзгөчө чет элдик университеттер менен байланыштарын белгилесек болот. Бул да болсо студенттерге башка университеттерде билим тажрыйба алууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр өздөрү каалаган Европа, Азия, Американын алдыңкы университеттеринде билимин улантууга шарт бар.

     

ОшМУнун менин жошоомдо орду чоң. Менин илимге болгон жолум ушул ОшМУдан башталган. Келечегимди да ушул ОшМУ менен куруудамын.