ОшМУ тарых барактарында...

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ тарых барактарында...

Image

Ош мугалимдер институтунун (азыркы ОшМУ) туңгуч директору болуп А.Козловский дайындалып, ал 1939-1941-жылдары окуу жайды жетектеп турган. Институттун алгачкы 9 окутуучудан турган курамында, кыргыз улутунан бир гана Жума Жамгырчиев болгон. Белгилүү адабиятчы Ж.Жамгырчиев 1939-41-жылдары Ош мугалимдер институтунда окутуучу болуп эмгектенген. Кийин Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, фронтто каза болгон.

Институт алгач 4 адистик боюнча: тарых, физика-математика, орус тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты мугалимдерин даярдоону баштап, алгачкы 1939-40-окуу жылында 150 студент кабыл алуу пландалган. Бирок, орто билимге ээ болгон абитуриенттер аз болгондуктан бул план толук аткарылбай калган. 1940-жылы институтта табият таануу-география адистиги ачылган.

Фото галерея