Билим сапарым Ош мугалимдер институтунан башталганына сыймыктанам

Башкы Жаңылыктар

Билим сапарым Ош мугалимдер институтунан башталганына сыймыктанам

Image

Кыргызбаева Айтбү,

Эмгек ардагери, эл агартуунун мыктысы

Мен 1923-жылы Кара-Суу районунун Маданият айылында туулгам. Башталгыч билимди өз айылыбыздагы мектептен алып, кийин 1942-жылы “Жоош” дыйкан-жаштар 7 жылдык мектебин бүттүм. Ушул жылы Ош шаарындагы 5 айлык мугалимдер курсун окуган соң Зарбалик кыштагындагы мектепке мугалим болуп жөнөтүлдүм. Ал жерде иштеп жүрсөм, 1946-жылы Ош мугалимдер институтунда сырттан окуу бөлүмү ачылып калды. Ошол жылы Ош мугалимдер институтунун сырткы бөлүмүнө кыргыз тили жана адабияты адистигине тапшырдым.

Сырттан окугандар жылына эки жолу кышында жана жайында окушат эмеспи. Ошко келип окуп кетип жаттык. Алыстан келген студенттерге жол киреси төлөнүп берилет эле, биз Кара-Суу районунан болгондуктан бизге төлөнчү эмес. Кара-Суу районунан биздин курста 7-8 студент бар элек. Нанаев деген агай биздин факультеттин деканы болчу. Сабырбекова, Н.Камалов, И.Джилкичиев ж.б. агай-эжекелердин аттары эсимде калыптыр.

Турмуш-шартка байланыштуу Ош мугалимдер институтун өз убагында бүтө албай калдым. Кийин окуумду Фрунзе кыз-келиндер педагогика институтуна которуп, 1952-жылы аяктадым. Белгилеп кете турган окуя катары 1952-жылы Фрунзеде окуумду аяктап жатканда бир жарым ай Исхак Раззаковдун үйүндө 3-4 студент кыздар жашаганбыз. И.Раззаковдун жубайы биздин бир курсташыбыздын туугандары болот экен. Ошол аркылуу биз да чогуу жашап калдык. Ошол кезде Кыргызстандын № 1 жетекчиси болгонуна карабай, бизди үйүндө жашатканынан эле Исхак Раззаковдун канчалык жөнөкөй, жакшы инсан болгону билинип турбайбы. Ал киши бизди тез-тез абалыбызды сурап, турмуш-шартыбыз, окуубуз жөнүндө билип турчу эле. Ал кишинин жакшы окугула, келечек билимдүүлөрдүкү, айрыкча билимдүү кыз-келиндер аз болууда деген сөздөрү азырга чейин эсимден чыкпайт.

Кийин көп жылдар мектептерде мугалим болуп иштеп, эс алууга чыктым. Бир нече жолу жергиликтүү советтерге депутат, партиялык сьездерге делегат болуп шайланып турдум. Эл агартуунун мыктысы болдум, “Ленинге 100 жыл” медалы, ж.б. сыйлыктар менен сыйланганмын. Көп жылдарга созулган билим сапарым Ош мугалимдер институтунан башталганына сыймыктанам.