ОшМУ мен үчүн билим булагы жана мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ мен үчүн билим булагы жана мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги

Image

Мен Эрмекбаева Нуржан учурда ОшМУнун  Чыгыш таануу институтунун  4-курсунун студентимин. Мага Чыгыш таануу институтун жана кесибимди тандоо мага оор болгон жок, себеби мектеп учурунан баштап гуманитардык илимдерге кызыгуум күчтүү болгондуктан, ОшМУга тапшырууну алдын ала туура көргөнмүн, анткени баарыбызга белгилүү ОшМУ бул Ошто эле эмес, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын сап башында турчу. 

Студент  болуп келгенде мугалимдер Чыгыш таануу институтунда көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экениндигин тааныштырып кетишкен, анын ичинде академиялык мобилдүүлүк программасы да бар эле. Ошондон улам аракеттенип,  кылган аракеттерим текке кетпей, Кореянын Моквон университетине академиялык мобилдүүлүк боюнча  окууга өттүм. Мен алгач Корей Республикасына барганда  мени таң калтырганы, окуу системасы болду.  Анткени мында ар бир студент, магистрант билим алуусун өз алдынча жөнгө салат, каалаган сабактарды тандоого мүмкүнчүлүгү бар  жана студенттерге түзүлгөн шарттар жогору. Бул жакта билим алуу кезинде «unity volunteering» программасына катышып, ал программада мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга онлайн форматында корей -англис тилинен сабак берип жүрдүм. Муну менен тилди окутуу, үйрөттүү багытында тажрыйба топтоого зор мүмкүнчүлүк алдым.

Мына ушундай шарттарды түзүп берген, ОшМУ мен үчүн билим булагы жана мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги. Университетимдин менин жашоомдо ролу аябай чоң. Мен ОшМУнун чыгыш таануу институтунда окуп жатканыма абдан сыймыктанам. Анткени Чыгыш таануу институтунда  корей-англис тилдерин, өлкөлөрдүн байланышы; тарыхын, адабиятын, абалын, мамлекеттик түзүлүштөрүн тереңдетип өздөштүрүүгө болот.

Кыргызстандын алдыңкы университеттеринин бири болгон ОшМУну  85 жылдык маарекеси менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бир кылымга жакын тарыхы бар окуу жайыбыздын мындан ары да билим азыгы алгылыктуу болуп,  дүйнөлүк абройлуу жогорку  окуу жайлар менен карым-катнаштары артып, студенттер үчүн мындан да башка мүмкүнчүлүктөрдү түзө берүүсүн жана  ОшМУ дүйнөлүк деңгээлдеги  эң мыкты жогорку окуу жайлардын бири болуп калышына тилектешмин!