ОшМУ өзүмдүн мыкты версиям болууга, жаңы горизонтторду ачууга жана максаттарыма жетүүгө стимул берди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ өзүмдүн мыкты версиям болууга, жаңы горизонтторду ачууга жана максаттарыма жетүүгө стимул берди

Image

Акылбек Орозматов ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика адистигинин 2013-жылкы бүтүрүүчүсү. Учурда  Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн коомчулук менен байланыш адиси кызматын аркалап келет.

“ОшМУда көптөгөн мыкты инсандар билим алышкан. Алардын катарында окуу жайдын менин жашоомду да өзгөчө орду бар. Биринчи кезекте бул окуучулук кездеги “ОшМУда окусам” деген кыялымдын орундалышы.

ОшМУ - диплом алуу үчүн бир нече жыл убакыт өткөргөн жөн гана окуу жайы эмес. Бул - менин өзүмдү өнүктүрүүгө, изденүүгө жол ачкан билим үйү. Мында мен өз кесибимди таап, жашоомдогу максаттарымды аныктап жана аларга жетүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Окуу жай мага бир гана формулаларды жана теорияларды үйрөткөн жок. Ал мага дүйнөнү кененирээк көрүүгө, анын татаалдыгын жана сулуулугун тереңирээк түшүнүүгө үйрөттү. Бул жерде мен сынчыл ой жүгүртүүнү, маалыматты талдоону жана негиздүү тыянак чыгарууну үйрөндүм.

    

Менин окуу жайым мага бир нанды бөлүп жеген, кыялдарды, үмүттөрдү, көңүл калууларды жана аны менен бирге жеңиштерди бөлүшкөн мыкты досторду, тилектештерди берди. Окуу жай мени жашоого даярдап, анын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана кыйынчылыктарды татыктуу жана чечкиндүүлүк менен кабыл алууга үйрөттү. Негизгиси мен – билим алууну үйрөндүм, бул адат, бул көндүм бир өмүргө калыптанды. ОшМУ өзүмдүн мыкты версиям болууга, жаңы горизонтторду ачууга жана максаттарыма жетүүгө стимул берди.  

Бүгүн артка бир кылчайып карап, окуу жайыма тек гана ыраазычылык билдирем. Ал менин мүнөзүмө, ишенимиме жана келечегиме өчпөс из калтыра алды. Мага берген бардык нерсең үчүн рахмат, ОшМУ”, -дейт ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнүн бири Акылбек Орозматов.