Кыйын кезде билим алдык...

Башкы Жаңылыктар

Кыйын кезде билим алдык...

Image

Мен 1928-жылы Кара-Суу районунун Мамажан айылында туулгам. Өз айылыбыздагы башталгыч мектепти бүтүп, Жоош кыштагындагы 7 жылдык Дыйкан-жаштар мектебинде  окугам. Кийин 1946-жылы № 3 “Коммунизм” орто мектебин аяктадым. 1946-жылы Ош облустук билим берүү башкармалыгынан кишилер келип, Ош мугалимдер институтуна тапшыруумду сунушташты. 1946-48-жылдары Ош мугалимдер институтунун физика-математика факультетинде окуп билим алдым.

Ал мезгилде элдин турмушу оор, жетишсиз заман болгон. Жатаканабызда керебеттер жетишпегендиктен гарбиль тактайлардан жерге коюп, үстүнө матрац салып уктачубуз.  Матрацтар да эски каптардан тигилип, ичине эски пахталарды салып алчубуз. Студенттерге институт тарабынан талон берилип, аны менен күнүнө жарым килограмм кара нан алчубуз. Нанды баардык дүкөндөрдөн бере берчү, бирок дайыма кезек күтүп анан алат элек. Институтка жакын жерде Ак-Буура дарыясынын боюнда уйгур киши иштеткен чайханадан студенттерге акысыз чай, кээде кайнак суу берилчү.

1948-жылы институтту аяктап, жолдомо менен Алай районуна физика-жана математика мугалими болуп жөнөтүлдүм. Кийин Кара-Суу райондорунун мектептеринде иштеп жүрүп, 1990-жылы эс алууга чыктым. Ош мугалимдер институтунан билим алганыма дайыма сыймыктанам.

                                                                                                                                                                                                     Жураев Шаны, Ош мугалимдер институтунун бүтүрүүчүсү

                                                                                                                      Маалымат “Ош мугалимдер институтунан башталган жол” (2014-жыл, Ош шаары) китебинен алынды.