ОшМУну Кыргызстандагы медицина боюнча эң мыкты университеттердин катарынан таптым

Башкы Жаңылыктар

ОшМУну Кыргызстандагы медицина боюнча эң мыкты университеттердин катарынан таптым

Image

Мен, Сайед Осама Рахман, Индиянын Патна шаарынан болом. Учурда Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинин студентимин. Кыргызстанга алгач 2018-жылы студент болуп келгем, а быйыл бүтүрүүчү студенттердин катарындамын.

Хоббим сүрөткө алуу. Жаратылышты, тоолорду жана элдерди сүрөткө тартам. Мага ОшМУ өзүнүн меймандостугу, сонун атмосферасы жана мыкты мугалимдери менен жагат. Ошондой эле студенттер үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Университет бизге көптөгөн чет элдик студенттер менен таанышууга, олимпиадаларга жана ар кандай сынактарга катышып, көп нерселерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Мен ОшМУну Кыргызстандагы медицина боюнча эң мыкты университеттердин катарынан таптым. Анын үстүнө Жалал-Абадда окуган иним да мен окуу жай издеп жүргөндө мага ОшМУну сунуштады. Кооз корпустары , окуу акысынын аздыгы жана албетте түрдүү факультеттери болгондуктан, мен ОшМУга тапшырууну чечкем. Көптөгөн кызыктуу учурлар да болду. Биз Индиянын Холи жана Дивали сыяктуу фестивалдарын чоң масштабда белгиледик, ошондой эле корпуста IFTAAR (ооз ачуу) кечесин уюштурдук. Валентина Шевченко менен да жолугуп калдым. Ошентип, бул биз үчүн абдан кызыктуу болду.

Максатым университетти аяктап, Индияга кайтып барып, ординатурамды бүтүрүү. Андан кийин Индияда же башка өлкөдөн дагы окууну улантам. Ата-энем менен Кыргызстанга кайтып келип, аларга университетибизди жана бул кооз шаарды, Ошту көрсөтүп, көбүрөөк саякаттап, бул кооз өлкө менен тааныштыруу.