Ош мугалимдер институтунун 2-курсунун студенти кезимде СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынгам

Башкы Жаңылыктар

Ош мугалимдер институтунун 2-курсунун студенти кезимде СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынгам

Image

Ош мугалимдер институтунун бүтүрүүчүсү, Кыргыз эл акыны, Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуев

Мен Ош мугалимдер институтунун тил жана адабият факультетине 1947-жылы кирип окуп, 1949-жылы артыкчылык дипломун алып бүтүп чыкканмын.

1947-жыл мен үчүн акжолтой, олжолуу жыл болгон. Ал жылы Ош мугалимдер институтунда окуп, Ош шаарында жашоо мен үчүн өтө ийгиликтүү жыл болгон. Ош шаарында чыгып турган “Ленин жолу” газетасынын алдында жазуучу Камчы Жунусов жетекчилик кылган адабий ийрими ошол жылы өз ишин баштап, гезиттин ай сайын чыга турган “адабият бетине” жаш акындардын ырлары үзбөй чыгарып турчу.

1943-жылдан тартып, согуштун аягына чейин Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп, күн-түндөп алдыңкы линияда тартылган телефон байланышынын үзүктөрүн улап жүргөнүмдө эки жолу жоо огунан жараланганмын. Кээде, уруш токтой калган учурлардан пайдаланып, жер кепеде, окопто ыр жаза койчумун. Ошентип жүрүп жазылган “Алдыга жүргүн, кыргыздар!” деген ырым ошол кездеги “Советтик Кыргызстан” (кийинки “Ала-Тоо”) журналынын редактору, атактуу акын Жоомарт Бөкөнбаевге жиберсем ал ырымды жактырып, журналдын 1943-жылдын декабрь айындагы санына жарыялаганын билгенимде төбөм көккө жетип кубанган болчумун.

Ушул “Алдыга жүргүн, кыргыздар!” деген ырым менин чыгармаларымдын төл башы болуп калганы чындык.

Басмадан менин алгач ыр жыйнагым чыга электе, Ош мугалимдер институтунун 2-курсунун студенти кезимде Кыргызстан Жазуучулар союзу мени 1949-жылы 14-январда СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алган. Бул өтө кубанычтуу, ошону менен бирге чоң жоопкерчилик экенин сезип иштеп, ийгиликтерге жетише баштадым. Менин алгачкы ырлар жыйнагым “Эмгек күүсү” деген ат менен “Кыргызмамбастан” 1950-жылы жарык көргөн.

Ош мугалимдер институтун биз бүтүрүп, Ош, Жалал-Абаддын райондорундагы мектептерге иштегени кеткенден эки жыл өтпөй эле бул окуу жайы Ош педагогикалык институтуна айланды. Мени Куршап районунун борборундагы № 2 Ворошилов атындагы орто мектепке директор кылып жиберишип, анда мен үч жарым айча гана иштегенден кийин партиянын Ош обкомунун буйругу менен Ош облустук “Ленин жолу” гезитинде бөлүм башчылык милдет аткара баштадым. 1955-жылы Ош педагогикалык институтунун биринчи бүтүрүүчүлөрүнө арнап “Билимиңер дары болсун балдарга” деген ыр жазып куттуктаганым эсимде.

Бир жылды экинчи жыл артынан такымдап, мезгил токтобой өтүп жатат. Борбор шаарда гана эмес, менин чыгармачылыгым башталган, өскөн, өркүндөгөн Ош шаарында да бир топ мааракелерим өттү. Мен көптөгөн ырларымды арнаган Ош шаарына 3000 жылдык мааракеси өткөндө албетте мен Ошто болдум, өткөн салтанаттарга катыштым. Ошол жылы өзүм да 75 жашка чыктым эле. Ош МУнун Окумуштуулар кеңеши  мага университеттин ардактуу профессору деген наам бергенде чексиз кубанып, төбөм көккө жеткен.

Ош МУ менен менин байланышым улана берди. Университеттин филология факультетинин студенттери менен кезектеги жолугушуум болду. Мугалимдер институтунда мен окуган тааныш имаратта өтүп, өткөн чакты аргасыздан эске салды. Ошол жолугушуу жөнүндө ыр жазганмын. Ош мугалимдер институту мен үчүн акжолтой окуу жайы болгондугу ырас. Аны бүткөндөн бери узун жол бастым. Бул жолумда көп ийгиликтерге жеттим.

Маалымат “Ош мугалимдер институтунан башталган жол” (2014-жыл, Ош шаары) китебинен алынды.