ОШМУ-  МЕНИ АЧЫК ЖАНА ЗАМАНБАП ДҮЙНӨНҮН ЧАКЫРЫКТАРЫНА ДАЯРДООДО...

Башкы Жаңылыктар

ОШМУ-  МЕНИ АЧЫК ЖАНА ЗАМАНБАП ДҮЙНӨНҮН ЧАКЫРЫКТАРЫНА ДАЯРДООДО...

Image

Мен Шамшиев Адилет жашым 20да.  ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин 2-курсунда окуйм. Учурда Кытайдын Сиань шаарындагы Сыюань университетинде академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде билим алуудамын. Сиань - Кытайдын эң маанилүү тарыхый жана маданий борборлорунун бири. Сиань 13 династия үчүн байыркы Кытайдын борбору болуп кызмат кылган. Бул жерде Кытайдын эң баалуу археологиялык казыналары, анын ичинде Бириккен Кытайдын биринчи императору Циншихуан күмбөзү табылган, анда атактуу терра-котта жоокерлери бар.  Бул жакта мага окшогон Кыргыз-Кытай факультетинин 10го жакын студенти бар. Биз бул университетте бюджеттик негизде 1-семестр окуйбуз.

Мага чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берген окуу жайыма ыраазычылык билдирем. Албетте, жогорку окуу жайын тандоо мен үчүн олуттуу маселе болчу. Мен бул жөнүндө 7-8-класста эле ойлоно баштагам. Улуу эже-агайлардан сурап, каталогдордон жана интернеттен маалымат издедим. Туура тандоо мен үчүн абдан маанилүү, анткени менин келечектеги жашоом ошого жараша болмок.

Бала кезден эле кыялым - чет өлкөлөрдө билим алып, стажировка өтөп, чет тилдерди үйрөнүү жана өз тармагымдын  кесипкөй адиси болуу эле.  Ал эми  ОшМУ студенттерге гранттарды берүү жана эл аралык алмашуу программаларын уюштуруу менен мындай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп келе жатканы боюнча  кабардар болуп, тапшырууга болгон кызыгуум артты. Бул мен үчүн тандоодо эң маанилүү фактор болуп калды. Ошондуктан, мен өзүмдүн тандоом менен ОшМУга токтолдум десем болот.

    

ОшМУ мага  теориялык билимди гана эмес, келечектеги карьерам үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү чындоого жол ачууда . Ар түрдүү инсандар менен өз ара баарлашууга шарт түзүп, мени ачык жана заманбап дүйнөнүн чакырыктарына даяр кылуу менен мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүдө.

Мындан тышкары, ОшМУ — бул досторду жана пикирлеш адамдарды тапкан жер, алар менен окуу кыйынчылыктарын гана эмес, ийгиликтин кубанычын да бөлүшүүгө даярмын. Бул жамаат менин жашоомдун бир бөлүгү катары калыптануусу менен колдоонун өзгөчө атмосферасын түздү десем туура болот.

ОшМУ менин жашоомдо маанилүү ролду ойнойт, академиялык билим беруу менен бирге, баалуу жашоо сабактарын да берүүдө. Бул жерде мен адистикти үйрөнүп гана тим болбостон, өзүмдүн инсандыгымды жана кесиптик өсүшүмө жол таап жатам.

Мен теңдүү студент досторго айтаарым да ушул, чет өлкөгө сөзсүз бир жолу болсо да чыгып келгиле.  Бул учурда, студенттин дүйнө таанымынын негиздери жана жашоонун көптөгөн жактарына карата мамилеси бекемделет. Жаңы билимдер жана хоббилер ачылат, достуктун жана коомдук ишмердүүлүктүн маанисин түшүнүп, кесиптик даярдыктын багыттары бекитилет.