Жатаканада матрас, жууркан жок болгондуктан 3-4 күн фуфайкамды астыма төшөп жаткам...

Башкы Жаңылыктар

Жатаканада матрас, жууркан жок болгондуктан 3-4 күн фуфайкамды астыма төшөп жаткам...

Image

... 1949-жылдын августу. Гүлчөдө Ош мугалимдер институтуна (ОМИ) абитуриенттерди кабыл алуу үчүн экзамен жүрүп жатыптыр деген кабар Боз-Караган айылына угулду. Чөп чабык аяктаганда Ошко окууга барам деп жаттым эле, жакшы болгон турбайбы деп кубандым. Дароо аттанып Гүлчөгө жөнөдүм. Ал мезгилде биздин айылдан Гүлчөгө баруу үчүн Гүлчө дарыясын көпүрө болбогондуктан кечип өтчүбүз.

Гүлчөгө барсам кабыл алуу экзамени жүрүп жатыптыр. Мен да математика жана кыргыз тилинен экзамен тапшырдым. Оюмда суроолорго жакшы эле жооп бергендей болдум. Окууга киргендигиңер жөнүндө кийинчерээк кабар кылабыз деп айтышты. Кийин билсем математикадан Т.Мамуров, кыргыз тилинен А.Турсунов агайлар бизден экзамен алышкан экен. Институтка кабыл алынгандыгым мага кечирээк билинди. Ошко келсем сабак башталып калыптыр. Ошентип ОМИнин физика-математика факультетинин 1-курсунун студенти болуп калдым. Институт азыркы ОшМУнун филология факультети жайгашкан имаратта болчу. Имараттын 1-кабаты жатакана, 2-кабатында сабактар болот эле.

Жатаканада мага берилген бөлмөгө барсам жата турган керебет жок экен, эски жана сынган керебеттерден кураштырып бир керебет жасап алдым. Бирок матрас, жууркан жок болгондуктан 3-4 күн фуфайкамды астыма төшөп, чемоданымды жазданып жатып жүрдүм. Кийин пол жуугуч болуп иштеген ингуш аял матрац, жууркан тигип берди. Ага рахмат айтайын десем кыргызча да, орусча да сөздөрдү түшүнбөйт экен, эптеп жаңсап жатып ыраазычылыгымды билдирдим окшойт. Темир керебетте 3-4 күн жатып кыйналгандыктанбы, матрац, жуурканда жаткан күндүн эртеси уктап калып, сабакка кечигип уят болбодумбу.

Мен окуган “Б” тайпасында 22, “А” тайпасында 19 студент окучубуз. Биздин кураторубуз Ж.С.Мустафин агай болчу. Агай офицердик баш кийим кийип, шинели менен жумушка келчү. Агайыбыз аскерде артиллерияда кызмат өтөптүр. Жол ылай болгондуктан шинелинин арты жана офицердик өтүгү булганып калса, аларды аябай тазалап андан кийин институтка кирчү. Агай Самарканд университетин бүтүрүп, армияда кызмат өтөгөндөн кийин, биздин институтка ишке келген экен. Ал биринчи жылы бизге физикадан, кийин математикадан сабак бере баштады. Мустафин агай сабакты аябай түшүнүктүү өтчү. Бир күнү бизге “Инверсия”  деген темада кошумча тапшырма берген эле. Аны даярдоо үчүн окуу залына баратсам Мустафин агай мени чакырып калды. Жанына барсам акырын сүйлөп, Тай акчаң болсо 25 сом берип тур, айлык алганда кайтарып берем деди.  Ал мезгилде бизге 1-курста 240 сом, 2-курста 260 сом стипендия берилчү. Макул болуп, жатаканадан 25 сом алып чыгып бердим. Агай рахмат айтып кетти. Алган акчасын унутпаптыр, кийин мага кайтарып берген.

Абдиев Тай, Ош  мугалимдер институтунун  бүтүрүүчүсү

Маалымат “Ош мугалимдер институтунан башталган жол” (2014-жыл, Ош шаары) китебинен алынды.