ОшМУда “Өзбек тили жана маданияты” борбору  ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “Өзбек тили жана маданияты” борбору  ачылды

Image

ОшМУнун кыргыз-филологиясы факультетинде “Өзбек тили жана маданияты” борборунун расмий ачылышы болду. Ага  Өзбекстандын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары К.Каримов, Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Х.Мирзахидов, А.Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин ректору Шухрат Сирожиддинов жана Кыргызстандын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары У.Усеков, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси М.Жаманбаев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган структура жетекчилери, окутуучулук-профессордук жамаат жана студенттер катышты.

Борбор материалдык-техникалык каражаттар менен жабдылып, өзбек тилине, адабиятына, тарыхына, маданиятына байланышкан көркөм, илимий адабияттар жана макалалар коюлган. 

Иш-чаранын алкагында А.Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин ректору Шухрат  Сирожидиновго “ОшМУнун ардактуу профессору” наамы тапшырылды. Ошондой эле тараптар бир тууган элдердин кызматташтыгын өнүктүрүүдө  борборлорду ачуу  чоң роль ойной турганын жана анын маанилүүлүгүн белгилешти. 

Ал эми жакынкы күндөрү  А.Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде “Кыргыз тили жана маданияты” борбору ачылат.   Бул иш аракеттер  Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын кеңири белгилөө боюнча биргелешкен иш-чаралардын алкагында жүзөгө ашууда.

Бүгүнкү күндө ОшМУ Өзбекстандын 40га жакын ЖОЖдору менен кызматташып келет.

Фото галерея