ОшМУнун профессорлору мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун профессорлору мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Image

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2-апрелде ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ош мамлекеттик университетинин педагогика илимдеринин доктору, профессор Саткынбай Момуналиев жана  физика-математика илимдеринин доктору, профессор Гүлбадан Матиева "Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамдарына ээ болушту. Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон профессорлорду жалпы  жамааттын атынан куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

Белгилей кетсек, мамлекеттик сыйлыктар 125 адамга тапшырылган, алардын арасында врачтар, мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери, ишкерлер жана башкалар бар.

 

Фото галерея