ОшМУнун базасында Билим берүү жана илим министрлигинин көчмө коллегиясы өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун базасында Билим берүү жана илим министрлигинин көчмө коллегиясы өтүп жатат

Image

Коллегияга Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган  билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана адистери катышууда.  

Катышуучулары алгач окуу жайдын    коомчулук  менен  байланышуу департаментинин алдындагы “Маркетинг,  коммуникация жана  коомчулук  менен байланыш борбору” окуу лабораториясына  “Үмүт” телестудиясы,  “Нур”, “Дидактика” гезиттери, басма сөз кызматы жана  ОшМУнун официалдуу сайты менен таанышты.

Жыйында  билим берүүнүн учуру, келечеги, окуу жайларды реформалоо, жаңы иштелип чыккан мыйзамдык база, билим берүүнү өнүктүрүү боюнча долбоорлор тууралуу баяндамалар жасалып, сунушталган долбоорлор, мыйзамдар боюнча талкуу болуп жатат. 

Жыйын фейсбуктагы ОшМУнун "Нур" гезитинин баракчасында түз алып берилүүдө:

https://www.facebook.com/100023324580647/videos/915833712537440/

Фото галерея