Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти ОшМУда болду

Image

ОшМУнун ректору, “ОшМУ-Алдиер” футбол клубунун президенти Кудайберди Кожобеков Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Медербек Сыдыков менен жолугушту.

Жолугушууда  футбол федерациясынын президенти жаңыдан футбол федерациясынын курамына кошулуп жаткан университеттин “ОшМУ-Алдиер”  футбол клубунун алдыдагы пландары боюнча пикир алышты. Анда ОшМУнун ректоруна окуу жай учурда спортко кызыккан жаштарды ар тараптан колдоп жаткандыгын белгилеп, ОшМУ футбол клубун түзүп алып чыккан биринчи жогорку окуу жай катары үлгү көрсөтүүдө деди.  

Ректор Кудайберди Кожобеков окуу жай бир гана билим бербестен спорт багытында студенттер үчүн шарттарды түзүп, жөндөмүнө жараша спортко тартуу иштерин жүргүзөрүн белгиледи. Учурда ОшМУдагы волейбол кесипкөй балдар жана кыздар клубдары ийгилик жаратып Улуттук лигада оюн көрсөтүүдө. “ОшМУ-Алдиер” футбол клубуна да окуу жай тарабынан бардык тараптан колдоо көрсөтүлүп жатканын, алдыда жаңы ийгиликтердин жараларына ишеним артарын айтты.

ОшМУ менен Кыргызстандын футбол федерациясы өспүрүм жаштардын арасынанан футболго кызыккан балдарды тартуу, билим берүү, колдоо көрсөтүү жаатында  кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

““ОшМУ-Алдиер” футбол клубу 2-апрелде футбол боюнча Кыргызстан Премьер Лигасында оюн көрсөтөт. Учурда клубдун оюнчулары тынымсыз машыгып, башка клубдар менен жолдоштук беттештерди өткөрүшүүдө. Жакынкы күндөрү клуб Ташкент шаарында Өзбекстандын клубдары менен жолдоштук  беттештерин өткөрүп келди”, -деди “ОшМУ-Алдиер” футбол клубуна директору, башкы машыктыруучусу Айбек Сулайманов. 

Фото галерея