ОшМУда Холи майрамы белгиленди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Холи майрамы белгиленди

Image

ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде Холи майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чарада факультеттин деканы Роман Калматов студенттерди майрам менен куттуктап, окууларына ийгилик каалады. Холи майрамына ОшМУда билим алып жаткан 4000ден ашуун чет элдик студенттер катышты.

Холи майрамы Индияда жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө белгиленүүчү белгилүү индус майрамы болуп саналат. Аны "түстөрдүн майрамы" же "сүйүү майрамы" деп да аташат. Фестивалда элдер бири-бирине түстүү порошок жана суу ыргытып, музыка жана бий менен майрамдашат.

Фото галерея