Польшадан келген белгилүү сүрөтчү Матэуш Орловски мастер класс өттү

Башкы Жаңылыктар

Польшадан келген белгилүү сүрөтчү Матэуш Орловски мастер класс өттү

Image

28 -29 ноябрь күндөрү ОшМУнун Искусство факультетинин көркөм өнөр искусствосу багытындагы билим алып жаткан студенттерге "Пейзаж" темасы боюнча семинар жана мастер класс болду. Аны Польшанын Познань шаарындагы Сүрөт академиясынын окутуучусу, белгилүү сүрөтчү Матэуш Орловски өтүп берди. 
“Матэуш Орловски менен интернет аркылуу байланышып,ОшМУга келип студенттер үчүн мастер класс өтүп берүүсүн суранганмын. Менин бул сунушумду четке какпай келип живопистин түрлөрү, Европадагы живопистин айырмачылыгы боюнча атайын презентацияларды көрсөтүп, кызыктуу семинар өтүп берди. Студенттер дагы эки күн бою автивдүү катышышты”-деди  Искусство факультетинин Сүрөт чийүү жана эмгек кафедрасынын башчысы Абдибали Марипов.
Көркөм өнөр искусствосу адистигинде кыркка жакын студент билим алат. Студенттер республикалык, эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындырып келишет.

Фото галерея