2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫНДА ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖдорунда ОКУУ ҮЧҮН КОНКУРС

Башкы Жаңылыктар

2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫНДА ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖдорунда ОКУУ ҮЧҮН КОНКУРС

Image

2022-2024-жылдарга Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын алкагында 2023-2024-окуу жылында Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алууга сынактык тандоо башталды.

Кыргыз Республикасынын жарандарына Венгриянын ЖОЖдорунда бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде окуу үчүн гранттар бөлүнөт.

Кененирээк https://edu.gov.kg/announcements/172/

Көңүл буруңуз!

Конкурстук сыноолорго каттоо жана катышуу акысыз негизде жүргүзүлөт. Башка агенттиктер аркылуу тапшырбаңыз жана алардын тапшыруу кызматтары үчүн акы төлөбөңүз.

Стипендиялык программага катышуу боюнча суроолорду иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625082, 621519, 620497 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Ошондой эле 2022-жылдын 1-декабрынан 2023-жылдын 13-январына чейин программага катышуу боюнча суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.