ОшМУ менен БААУнун кызматташтыгы артат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен БААУнун кызматташтыгы артат

Image

Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу, антрополог, магистр Такахаши Юми айым баштаган делегация ОшМУда болушту.  Студенттер менен коштолгон делегация окуу жайдын эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугуп, алдыдагы кызматташтыктар боюнча пикир алышты. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жакынкы аралыкта ОшМУ Борбор Азиядагы Америка университети менен биргеликте академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында студенттерди гана эмес, окутуучуларды  да тажрыйба алмашууга жөнөтүү маселелери талкуулашты. Эки окуу жайдын ортосунда биргелешкен конференциялар, симпозиумдар да  уюштурулат.

Фото галерея