ОшМУнун окутуучулары Эл аралык тарых мектебине катышууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары Эл аралык тарых мектебине катышууда

Image

ОшМУнун  STEM инновациялык колледжинин  окутуучулары Исламбек Шарапов, Фазира Ажибаева жана Тарых факультетинин окутуучусу Кубанычбек уулу Нурсултан Эл аралык тарых мектебине катышып жатат.

Жаш изилдөөчүлөр жана педагогдор үчүн уюштурулган иш-чара 1-5-октябрь күндөрү Екатеринбург шаарындагы Б.Н.Ельцин атындагы Урал Федералдык университетинде уюштурулган.

Тарых мектептер жаштар арасында тарыхый билимди жайылтууга, ар кайсы өлкөлөрдүн жана региондордун жаш окумуштууларынын ортосунда изилдөө жана илимий-билим берүү байланышын түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган.

Эл аралык тарых мектебине дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген 150дөн ашуун жаш изилдөөчүлөр жана студенттер, эксперт окумуштуулар, академиялык институттардын жетекчилери, алдыңкы университеттер, ири архивдер жана музейлердин өкүлдөрү катышууда.

Сессиянын программасына ылайык иш-чара тематикалык 5 трек боюнча жүрүп, ар бир трек тегерек столдорду, талкууларды жана проект конкурстарды камтыйт. Мындан тышкары, жаш изилдөөчүлөр өздөрүнүн тарыхый-агартуу демилгелерин түзүүдө колдоо алуусу белгиленген.

Фото галерея