Психологдордун тобу Лейлекте иш алып барууда

Башкы Жаңылыктар

Психологдордун тобу Лейлекте иш алып барууда

Image

ОшМУнун психология кафедасынын 10го чукул психолог окутуучулары, магистранттары Баткен облусунун  Лейлек районундагы мектеп мугалимдерине, окуучуларына психологиялык жардам көрсөтүүдө.
Мында психологдор окуучулар жана мугалимдер менен тыгыз иштешип, алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү менен көнүгүүлөрдү жана медитацияларды жасатып жатышат. 
Буга чейин мындай топ Айдаркен шаарчасына эвакуацияланган Баткен облусунун жарандары менен иштешип келишкен.
Ошондой эле, Баткен районунун Тажикистан менен чектешкен аймактарындагы айылдардан эвакуацияланып ОшМУга келген жарандар менен кадимки жана онлайнда байланышып психологиялык жардам көрсөтүшкөн.

Фото галерея