Студенттер Туркиянын 5 жылдыздуу мейманканаларында иштөө менен практика өтөөдө

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Туркиянын 5 жылдыздуу мейманканаларында иштөө менен практика өтөөдө

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн “Туризм” адистигинин студенттери Мухамедали Эркинбай уулу, Элнур Ысманжанова, Сейил Кадырбердиева, Рамила Үмүтбек кызы жана Айназик Токтосунова Туркиянын Анталия шаарындагы 5 жылдыздуу Alva Donna Exclusive Hotel & SPA мейманканасында иштеп, тажрыйба топтошууда. 
Мында алар Түркиянын заманбап мейманканаларында иштөө менен тейлөө сапатынын эл аралык стандарттарын үйрөнүп, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтерди тейлөөнү үйрөнүп жатышат. 
Мындай отелдерде бир жылга чейин иштөө практикасы окуу программасынын ичинде камтылган. Мындан улам студент окуу жайды аяктаганда жумушка адис катары даяр болот.
Студенттер  Сивас Жумурият университетине академиялык алмашып окуу программасы боюнча билим алууга барышкан. Эми мынтип билим алуу менен чектелбестен, кошумча каражат таап, керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүшүүдө.

Фото галерея