Министрлик түз эфирде суроолорго жооп берет

Башкы Жаңылыктар

Министрлик түз эфирде суроолорго жооп берет

Image

Бүгүн 19-августта саат 16:00дө Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов жана Мектептеги билим берүү саясаты жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын адистери мектептеги билим берүүгө байланышкан суроолорго министрликтин расмий “Facebook” жана “Instagram” баракчалары аркылуу түз эфирде жооп берет.

Эгерде сизде мектептеги билим берүүгө байланыштуу суроолор болсо, комментарийге жазыңыз.

Ошондой эле түз эфирге катышып, суроо берсеңиз болот.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 14-июлунда Министрлер Кабинетинин кеңейтилген жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга социалдык түйүндөр аркылуу түз эфирге чыгып, аткарылган иштер тууралуу кыргызстандыктарга маалымат берүүнү тапшырган.