ОшМУга дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы ветеринарлар чогулду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУга дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы ветеринарлар чогулду

Image

ОшМУда Бүткүл дүйнөлүк ветеринарлар ассоциациясынын жана КРнын Ветеринардык Палатасынын жетекчилери менен ОшМУнун,  КРнын Түштүк регионунун ветеринардык кызматкерлеринин жолугушуусу өттү.

Жыйынга, ректор К.Кожобеков, БДВАнын президенти, доктор Рафаэль Лагенс, КРнын Ветеринардык палатасынын директору К.Маматкулов жана профессордук-окутуучулук курам катышты.

Иш-чарада КРнын Ветеринардык палатасы  жана мал чарбасындагы орду, Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциациясынын иш аракети жана пландары, Түштүк региондо мал чарбасынын жана ветеринардык тармактын абалы боюнча илимий докладдар окулду.

Бул күнү түштүктөгү эң алгачкы айыл чарба багытындагы илимий-өндүрүштүк жана ветеринардык-медициналык борбордун 5 кабаттуу имаратынын курулушу башталды. 

Капсула салуу аземине БДВАнын президенти, доктор Рафаэль Лагенс менен  КРнын Ветеринардык палатасынын директору К.Маматкулов да катышты.