Университетте бизнес идеяларды иштеп чыгууга багытталган окутуу башталды

Башкы Жаңылыктар

Университетте бизнес идеяларды иштеп чыгууга багытталган окутуу башталды

Image

Тренинг ОшМУнун жаштар бизнес паркында өтүп жатат. Эки күндүк окутууга буга чейин өздөрүнүн бизнес идеяларын сунуштаган университеттин окутуучулары, студенттери катышууда.
Мында бизнес тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү, тренерлер жана укук коргоочулар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. 
Биринчи күнү катышуучулар бизнес идеяларын ишке ашырууга керек болгон маалыматтарды алса, экинчи күнү даяр болгон стартаптарын презентациялашат. 
Эгерде катышуучулардан өзгөчө бизнес идеялар сунушталса, ОшМУнун бизнес паркынын кызматкерлери  аны ишке ашыруу үчүн каржы булактарын табууга көмөктөшөт.
Учурда ОшМУда  студенттерге, окутуучуларга стартаптарды иштеп чыгуу, аны жүзөгө ашырууга көмөктөшкөн жаштар бизнес паркы иштейт.

Фото галерея