ОшМУ: Мектеп директорлугуна талапкерлер тест тапшырууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ: Мектеп директорлугуна талапкерлер тест тапшырууда

Image

Бүгүн ОшМУнун базасында Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү жараяны жүрүүдө.

Тестирлөөнү жүргүзүү үчүн Ош мамлекеттик университетинде бардык техникалык даярдык иштери аткарылып, ноутбуктар коюлган.

Мектеп директорлорун тандоо 2 этапта өтөт.  Биринчи этапта катышуучулар атайын өздөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча документтерди комиссиянын кароосуна жиберишкен. Экинчи этапта болсо, комиссиядан ийгиликтүү өткөндөр тест тапшырууда.

Белгилей кетсек Ош облусунда 244 ваканттык орун бар.

Процесстин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу үчүн  ОшМУнун социалдык тармактарында  компьютердик тестирлөө түз алып көрсөтүлүүдө.

Фото галерея