23-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде Илим күнүнө арналган салтанат өтүп, илимий иштерге, билим берүүгө жана окуу жайдын өнүгүшүнө салым кошкон окутуучулар, окумуштуулар, кызматкерлер сыйланды.
Салтанатты ректор Кудайберди Кожобеков ачып, жамаатты Илим күнү менен куттуктады. Ал университеттин жетишкендиктери, аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы максаттары тууралуу маалымат берди.
Ректор университет QS World University Rankings: Asia 2027 рейтингинде Азиядагы 1722 окуу жайдын ичинен 341-орунду ээлегенин белгиледи. Борбор Азиядагы 99 университеттин арасында 23-орунда, Кыргызстандагы рейтингге кирген тогуз жогорку окуу жайдын ичинен үчүнчү орунда, ал эми мамлекеттик университеттер арасында биринчи орунда турат. Ошондой эле туруктуу өнүгүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 2004 университеттин ичинен 1501+ баскычына жайгашып, Азия университеттеринин арасында 584-орунду, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар арасында 1-орунду ээлегенин маалымдады. Ректор бул жыйынтыктар университеттин жалпы жамаатынын эмгеги экенин айтып, алдыда дагы жакшы көрсөткүчтөргө жетүү үчүн биргелешип иштөөгө чакырды.
Сыйлоо аземинде профессордук-окутуучулук курамдын бир тобуна Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, Ардак грамотасы жана ыраазычылык каттары тапшырылды. «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын доценти Тилебалды Абдулазизов, Медициналык коллеждин клиникалык дисциплиналар бөлүмүнүн табият таануу жана так илимдер циклинин окутуучусу Дилбар Акматова, коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынын доценти Сейил Эргешова ээ болушту. Бир катар окутуучулар министрликтин Ардак грамоталары менен сыйланды.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө салым кошкон университет кызматкерлерине министрликтин ыраазычылык каттары тапшырылып, Ош мамлекеттик университети «Кызматташтык салымы үчүн» медалы менен сыйланды.
Илим күнүнө карата министрлик тарабынан жаш окумуштуулар жана инноваторлор арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү да сыйланды. Ага ылайык, «Илимий изилдөөлөрдүн негизинде мыкты стартап» номинациясында «Bilim Ai» долбоору менен катышкан STEM инновациялык коллежинин окутуучусу Жеңишбек Мамай уулу, Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун окутуучусу, PhD докторант Жанболот Калбаев биринчи орунду ээлешти. Ал эми «BezBarrier KG» долбоорунун автору, Эл аралык программалардын жогорку мектебинин окутуучусу Фарида Абжапар кызы үчүнчү орунга татыды.
«Туруктуу өнүгүү жана «жашыл» технологиялар чөйрөсүндөгү мыкты чечим» номинациясында «Инновациялык питомник» долбоорунун авторлору Абдижапар Аккулов, Венера Тургунова жана Бабур Алимкулов биринчи даражадагы диплом менен сыйланышты. «Жылдын мыкты жаш окумуштуусу» номинациясында Педагогика жана искусство институтунун доценти Мээргүл Асаналиева биринчи даражадагы дипломго ээ болду.
«Мыкты илимий эмгек – 2026» конкурсунун жыйынтыгында илимий жетишкендиктери боюнча институттар арасында да жеңүүчүлөр аныкталды. Биринчи орунду Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту ээлеп, 20 миң сом алды. Экинчи орунга Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту чыгып, 15 миң сом менен сыйланды. Үчүнчү орун эл аралык медицина факультетине жана медицина факультетине ыйгарылып, ар бирине 10 миң сомдон тапшырылды.
«Мыкты монография – 2025» конкурсунда биринчи орунду эл аралык медицина факультетинин доценти Келдибек Жапаров, экинчи орунду Жаныбай Жусубалиев, Уланбек Сопуев баштаган авторлор жамааты, үчүнчү орунду эл аралык медицина факультетинин беш окутуучусунан турган авторлор тобу ээлешти. Жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен белгиленди.
Университеттин ички гранттарынын негизинде ишке ашырылып жаткан илимий-өндүрүштүк долбоорлорду ийгиликтүү жетектеген 13 окумуштууга илимий-инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттар тапшырылды. Scopus базасында индекстелген журналдарга илимий макалаларды активдүү жарыялап, Хирш индекси (h-index) жогорулаган 12 окумуштуу да акчалай сыйлыктарга ээ болду. Аларга 3 000ден 10 миң сомго чейин сыйлык берилди.
Кандидаттык (PhD) жана докторлук диссертацияларын ийгиликтүү коргогон 14 окутуучуга дипломдор тапшырылды. Докторлук диссертациясын коргогон окумуштууларга 100 миң сомдон, кандидаттык диссертациясын коргогон окутуучуларга 50 миң сомдон акчалай сыйлык берилди. Мындан тышкары 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча профессордук-окутуучулук курамдын рейтингинде алдыңкы 10 орунду ээлеген окутуучулар сыйланды. «ОшМУнун заманбап лектору – 2026», «ОшМУнун заманбап окутуучусу – 2026», «Педагогикалык дебют – 2026», «ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери – 2026», «ОшМУнун заманбап электрондук окуу-усулдук комплекси – 2026» жана «ОшМУнун заманбап окуу басылмасы – 2026» номинацияларынын жеңүүчүлөрүнө дипломдор, акчалай сыйлыктар жана Ысык-Көлгө, санаторийлерге жолдомолор тапшырылды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.