ОшМУда 1-курстун студенттеринин арасында математика предмети боюнча олимпиаданын III туру өтөт

Башкы Окуялар

ОшМУда 1-курстун студенттеринин арасында математика предмети боюнча олимпиаданын III туру өтөт

Image

Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи 9-класстын базасында кабыл алынган 1-курстун студенттеринин арасында математика предмети боюнча олимпиаданын III турун өткөрөрүн маалымдайт.

Олимпиаданын максаты:
Студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, математикалык билим деңгээлин жогорулатуу жана таланттуу жаштарды аныктоо.

Катышуучулар:
9-класстын базасында кабыл алынган колледждин 1-курс студенттери

Форматы:
Жеке таймаш

Өтүлүүчү күнү:
27-февраль, 2026-жыл

Өтүлүүчү жайы:
Индустриалдык-педагогикалык колледжинин концерттик залы

Колледждик деңгээлдеги олимпиададан 1-2-3-орундарды ээлеген студенттерди активдүү катышууга чакырабыз!

Олимпиадада 1-2-3-орундарды багындырган студенттер дипломдор менен сыйланышат жана кийинки турга жолдомо алышат.

Кийинки тур март айында Ош шаарындагы колледждер арасында өткөрүлөт.

Өз билимиңизди сынап, жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүк алыңыз!
Сиздерди күтөбүз!