ОшМУда бизнес-инкубатор ачылат

Anasayfa Haberler

ОшМУда бизнес-инкубатор ачылат

Image

2021-жылдын 26-мартында Кыргызпатент өлкөнүн жогорку окуу жайларына бизнес-инкубаторлордун тажрыйбасын киргизүү боюнча долбоордун алкагында өткөн программасын аяктады.

               Жыйынга катышкан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков студенттердин инновациялык идеяларын ар тараптуу колдоого даяр экендигин билдирип, окуу жайдын базасында май айынын башында бизнес-инкубатор ачуу пландалгандыгын айтты.

               Аталган программанын 24-февралдан 26-мартка чейин өткөн  окуусуна катышкан  ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин окутуучулары Анара Карабекова, Азизпошо Абдуллохонова, Бектур Раимбердиевдер долбоордун алкагында  эл аралык менторлордон сабак алышып, сертификаттарга ээ болду.

               Эми аталган окутуучулар университетте май-июнь айларында стартаптарды түзүү боюнча студенттер үчүн окуу уюштурушат. ОшМУдагы бизнес-инкубатор боюнча окуудан ийгиликтүү өткөн студенттер өздөрүнүн бизнес план, бизнес долбоорун түзүп “Стартап Кыргызстан” сынагына  катышып, ар бир долбоор үчүн 200 000 сом утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 
fotoğraf Galerisi