Биз жөнүндө

Üniversite Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Учурда ОшМУда 17 факультет, 1 Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби,  2 институт, 6 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 2 академия, 6 мектеп-гимназия , 132 кафедра , 2 окуу борбору, 30 окуу-усулдук, маданий-эстетикалык, ресурстук  борборлор , 11 жатакана , 2 медициналык клиника, 18 ачык жана жабык типтеги спорт комплекси, Ысык-Көлдө “Үмүт” пансионаты, Ошто “Ак-Буура” эс алуу жайы, студенттик профилакториясы бар.

ОШМУ ЖАҢЫ ИМАРАТТАРДЫ КУРУП, БИЛИМ БЕРҮҮ БАЗАСЫН КҮН САНАП ЧЫҢДООДО

Акыркы жылдары ОшМУда 30дан ашуун окуу корпустары, жатаканалар, башка курулуштар заман талабына ылайык модернизацияланды. Соңку 2 жылда 4 окуу корпусу курулуп, окуу жайдын гана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтпестен, Ош шаарынын архитектуралык облигине жаңыча көрк кошууда.

ОШМУ ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАРДЫ ТҮЗҮҮДӨ ЛИДЕР БОЛДУ

ОшМУ учурда 30дан ашуун өлкөдөгү 300дөн ашуун жогорку окуу жайлар менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдер түзүлүп, ишке ашырылууда. Акыркы 2 жылда 100дөн ашуун келишимдерге кол коюлду

ОШМУ ИЧКИ ЖАНА СЫРТЫ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН ДЕМИЛГЕЧИСИ  ЖАНА АЛДЫҢКЫ ОРДОСУ

Жыл сайын 500гө жакын студент (магистрант), 300гө жакын окутуучулар академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү 305  университетке Эразмус+, Мевлана, ITEC, DAAD, Орхун, ШКУУ, «Ош декларациясы» ж.б.у.с. программалардын жана эки тараптуу кызматташтык келишимдеринин алкагында барып, окуп, тажрыйба алмашып келет.

ОшМУ Ата Мекендик окуу жайлардан эң көп маяна берген окуу жай 1 ставкада эмгектенген катардагы окутуучу 27250, ага окутуучу 32900, илимдин кандидаты, доцент 46420, илимдин доктору профессор 56140 сом маяна алат. Учурда университетте окутуучулар дээрлик баары 1,5 ставка сааттык кем эмес иштегенин эске алсак, мындан да бир топ жогору айлык аларын аңдасак болот

ОШМУ ЭҢ КӨП ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТКАН ОКУУ ЖАЙ

ОшМУ ички потенциалын гана колдонбостон, эл аралык өнөктөш уюмдардын долбоорлоруна катышуу менен инвестициялык климатты жакшырта алды. Акыркы 2 жылда 2 млн. АКШ долларына жакын түз инвестиция тартты.

ОШМУ - СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧЕКСИЗ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН БОРБОРУ

Студенттерге стимул берүү максатында ар жыл сайын эң мыкты 10 студент  1200$ өлчөмүндө “Атуулдук стипендия”, 22 студент Окумуштуулар кеңешинин стипендиясын алышат

Олимпиаданын, эл аралык фестивалдардын, спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө атайын белгиленген акчалай сыйлыктар каралган. Ошондой эле социалдык колдоого муктаж студенттерге 5 000 000 сомдон ашуун колдоолор көрсөтүлүп келет

ОшМУнун студенттери ОшМУнун медициналык клиникасында АКЫСЫЗ медициналык кароодон өтүшөт

ОшМУда САНАРИП ПЛАТФОРМАСЫ ТОЛУГУ МЕНЕН ИШКЕ АШТЫ

http://edoc.oshsu.kg/ AiDoc системасы иштелип чыгып, ал аркылуу уинверситеттин ичинде документ айлантуу структуралар арасында толук электрондук форматка өттү.

Бүтүрүүчү курстарды аралыктан экзамендерди жана МАКты тапшыруусун уюштуруу максатында http://webinar.oshsu.kg/ видеоконференция программасы түзүлдү

http://tabel.oshsu.kg/ системасын түзүү менен кызматкерлердин табелдерин тапшыруу онлайн форматка өткөрүлдү

Антиплагиат http://plagiat.oshsu.kg программасы аркылуу текшерүү жүрүүдө

http://teacher.portal.oshsu.kg/Профессордук-окутуучулук курамдын электрондук өздүк баракчасы түзүлдү

Билим берүүдө окутуучуларга http://aerjs.oshsu.kg/ сайты түзүлүп, сабак учурунда онлайн силлабус жана онлайн журнал функциясы кошулду

Андан сырткары:

-Электрондук журнал

-Электрондук силлабус

-Электрондук архив

-Электрондук жадыбал

-Электрондук тиркеме

-Электрондук оорукана системасы иштелип чыкты.

ЭЛ  АРАЛЫК РЕЙТИНГ

ОШМУ ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМДИ БААЛОО ЖАНА АККРЕДИЦИЯЛОО ИНСТИТУТТАРЫНАН ЖОГОРКУ БАА АЛУУГА ЖЕТИШТИ

ОшМУнун www.oshsu.kg сайты дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын Webometrics рейтингинде Кыргызстандын университеттеринин алдыңкы бештигине кирди.

«IAAR Eurasian University Rankings-2021» эл аралык рейтингинин жыйынтыгы боюнча  Ош мамлекеттик университети "НААР Евразия көп тармактуу университет” номинациясы менен сыйланды жана Евразия мейкиндигиндеги эң мыкты ТОП-10, Борбор Азияда ТОП- 5 университеттин катарына кирди

Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги  өткөргөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги” программасынын жыйынтыгы боюнча ОшМУ ГЕНЕРАЛДЫК  рейтингде катары менен 4 жыл 1-орунду камсыздады