Финансы-юридикалык коллежинин тарыхы

Üniversite Yapı Kolejler Finans ve Hukuk Koleji

Финансы-юридикалык коллежинин тарыхы

Адрес Ош шаары, Шакиров көчөсү, 217-а
Телефон 0(3222) 8-81-01
Факс
Веб-сайт http://fjc.oshsu.kg/
E-mail inurgazy@bk.ru

 

Финансы-юридикалык колледжи алгач 2004-2005-окуу жылында Ош мамлекеттик университетинин юридикалык сырттан окуу факультетинин курамында ачылып, Укук таануу адистигине өзүнүн алгачкы студенттерин күндүзгү бөлүмгө кабыл алган. Ош МУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2006-жылдын 30-январындагы №4-протоколунун чечиминин негизинде юридикалык колледж өз алдынча Финансы-юридикалык колледж болуп түзүлүп, укук таануу адистигине кошумча экономика жана бухгалтердик эсеп, финансы жана кредит адистиктери ачылган.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын 2006-жылдын 26-сентябрындагы №8-07 протоколунун чечимине ылайык ал №352 ЛИЦЕНЗИЯСЫН алган.

2006-2007-окуу жылында Окумуштуулар Кеңешинин 2007-жылдын 2-февралындагы №6 протоколунун чечими жана ректордун 2007-жылдын 13-февралындагы №40 буйругунун негизинде колледжде «Кесиптик билим берүү дисциплиналар» жана  «Жалпы билим берүү дисциплиналар» кафедрасы ачылган.

2006-2008 окуу жылдарда  колледжге доцент Атантаев  Турсункул  Өскөнбаевич директор болуп дайындалган. 2008-2009 окуу жылдарында п.и.к., доцент Акматова Танавар Акматовна директор болгон. 2009-2010 окуу жылында доцент Т.К Эркебаев директор болуп турган. 2010- 2013 жылга чейин доцент М. Айбашов жетектеп келди. 2013-жылдын март айынан баштап директор, п.и.к., доцент Акматова Танавар Акматовна жетектеп келген. 2017- 2018- окуу жылында  Тамара Акматова чыгармачылык өргүүгө чыккандыгына байланыштуу директорунун милдетин аткаруучу кызматына убактылуу  Исаков Нургазы   дайындалган.  2020-жылдан Нургазы Исаков  коллеждин директору кызматына дайындалып,  иштеп келүүдө.

Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 ”Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү мекемелери жөнүндөгү” токтомунун жобосуна ылайык ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү боюнча  2020-жылдын 10-сентябрындагы №Р-24 буйругунун негизинде  Финансы-юридикалык колледжинде:

  1. Бухгалтердик эсеп жана салык;
  2. Финансы, банк иши, табият таануу жана товарды экспертизалоо;
  3. Укук таануу, укук коргоо ишмердүүлүгү, башкарууну документтик  камсыздоо жана архив жүргүзүү, бөлүмдөрү ачылган.

 

Ушул эле буйруктун негизинде кафедралар төмөнкүдөй:

  1. Бухгалтердик эсеп жана салык;
  2. Финансы жана банк иши;
  3. Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү;
  4. Табият таануу жана товарды экспертизалоо;
  5. Жалпы билим  берүү дисциплиналарынын тилдер;
  6. Физика, математика жана информатика

предметтик  циклдык  комиссияларына өзгөртүлүп  түзүлгөн  жана   ар бир предметтик циклдык комиссияларынын башчылары  жана коомдук иштерге жооптуулар  дайындалган:

 

Структура  мүчөлөрү:

Ф.И.О

Кызмат орду

Адистиги

Илимий даражасы

Эмгек стажы

Алган сыйлыктары

1

Исаков Нургазы Жолболдуевич

Директор

Экономист

Э.и.к., доцент

22

2008-ж.Кесиптик кошундун Ардак грамотасы;

2011-ж. БиМ ардак грамотасы;  2012-ж. кесиптик кошундун төш белгиси;

2014-ж. Билим берүү жана Илим министрлигинин Ардак грамотасы

2

Жороева Айсулуу Митаевна

Директордун окуу иштери боюнча орун басары

Математика, информатика;

Экономис

Окутуучу, магистр

27

Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы,

ФЮКтун Ардак грамотасы 2015,

ОшМУнун Ардак грамотасы,  2016,2017;

ОшМУнун Алкыш баракчасы

2018

3

Шарип кызы Акибаткан

 

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Математика-информатика мугалими

Улук окутуучу, “Менеджмент магистр

22

ФЮКтун “Ардак грамотасы” 2008-ж.

ОшМУнун Алкыш баракчасы 2008-ж,

ФЮКтун “Ардак грамотасы”  2013-2015-216-ж.,

ОшМУнун  “Ардак грамотасы” 2018-ж.

4

Ашимов Кутман Нурланбекович

 

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Юрист

Окутуучу

9

ФЮКтун  Грамотасы,

ОшМУнун грамотасы

Шаардык кенештин Ардак грамотасы

5

Райимбердиева Жаннат Курманбековна

Усулдук жана сапат кеңешинини төрайымы

Экономист

Окутуучу

21

2016-ж ОшМУнун Ардак грамотасы

2018-ж Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы

6

Тойчубекова Гуланда Каримжановна

Илимий иштер боюнча директордун орун басары

Менеджер

Окутуучу

7

2013-ж.ОшМСУнун Ардак грамотасы

7

Акунжанова Жылдыз Икрамжановна

Эл аралык байланыш боюнча директордун орун басары

Чет тили  мугалими (Англис тили жана Немис тили)

Улук окутуучу ,магистр

19

 

ОшМУнун Ардак грамотасы,2013

9

АскаралиевШаирбекАскаралиевич

 

Практика иштери боюнча директордун орун басары

Экономист-менеджер

магистр

5

 

10

Исаков Кубаныч Абибиллаевич

Бухгалтердик эсеп жана салык бөлүмүнүн башчысы

Бухгалтер

Окутуучу

12

2012-ж

ОшМУ Профсоюз уюмунун  алкышы

2015-ж, 2018-ж ОшМУнун Ардак грамотасы

11

Абдрахманов Оенбек Эмилович

Финансы, банк иши, табият таануу жана товарды экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы

Экономист

Э.и.к., доцент

16

Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы,

ОшМУнун Ардак грамотасы

12

Орозбаева Айнура Камиловна

Укук таануу, укук коргоо ишмердүүлүгү,  башкарууну документтик  камсыздоо жана архив жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы

Юрист

Ю.и.к. доцент

25

2012-ж

ОшМУнун Ардак грамотасы,

 

 

 

 

 

 

 

        

 

 

 

Фото галерея