Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаменти

Üniversite Yapı Departmanlar Eğitim Kalitesi departmanı

Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаменти

Департаменттин тарыхы:

Ош МУнун “Билим берүүнүн сапаты” департаменти (ББСД) алгач өз ишин университеттин окуу-информациялык департаментинин курамында бөлүм катары баштаган, аны Жороев Кубаныч жетектеген. Бул бөлүм ББ жана ИМдин №339-буйругуна ылайык(2003-ж.19.05.)2004-жылы түзүлгөн.
2006-жылдын 9-октябрында ректордун буйругу менен бөлүм департамент аталышына өзгөртүлүп, анын директорлугуна п.и.к., доцент А. Батыралиев дайындалган.
2008-жылдын август айынандепартаменттин директору кызматындап.и.к., профессор Мейлихан Алтыбаеваиштепкележатат.
ББСДнынкурамынаструктуралык бөлүмдөрдө, факультеттердебилимдинсапатыбоюнчажооптуулары, Ош МУнун карьера борборужана департамент, университеттинокуу-усулдуккеңешикирет.

Кыргыз Республикасында көп баскычтуу жогорку билим берүү ишке ашырылып, ЖОЖдун бүтүрүүчүсүнө мамлекеттик үлгүдөгү диплом берүү үчүн аккредитация институту мыйзамдуу иштеп баштагандыгына байланыштуу, департаменттин аткарган функциялары бир кыйла кеңейди. КРдин ББ жана ИМдин алдындагы Улуттук Аккредитациялык кеңештин реестринде катталган көз карандысыз агенттиктер менен иш алып баруу зарылдыгы келип чыкты. Департаментке агенттиктердин стандарттарын, аккредитациялык критерийлерин үйрөнүү, аккредитациядан өтүүгө билим берүү программаларын даярдоого кошумча иш чараларды жүзөгө ашыруу милдети коюлду. Ошондуктан ОшМУнун ректорунун буйругу менен (2017-жыл) департаменттин аты “Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты” аталышына өзгөртүлгөн.

Департаменттин милдеттери жана функциялары:

АББСД ОшМУда билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган аккредитацияга даярдоо, өздүк баалоо процедураларын уюштуруу жана өткөрүү, билим берүү программаларынын сапатын контролдоо системасынын механизмдерин, параметрлерин жана процедураларын иштеп чыгуу, окуу процессин контролдоо жана мониторинг иш чараларын жүргүзөт.

АББСДнын негизги милдеттери:      

  • ОшМУнун жетекчилиги менен биргеликте университеттин сапат областында саясатын калыптандыруу;
  • Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын, аккредитациялык көрсөткүчтөрдү жана эл аралык стандарттарды гармонизациялоонун негизинде сапаттын эффективдүү системасын иштеп чыгуу, ишке ашыуу жана колдоо;
  • ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнүн бтлти берүүнүн сапатын камсыздоого багытталган иш аракеттерин координациялоо;
  • Билим берүү ишмердигин индикативдүү көрсөткүчтөрүнө системдүү мониторинг жүргүзүү;
  • Өздүк баалоо жана аккредитация процедураларын уюштуруу, өткөрүү, отчётторду анализдөө;
  • Сапатты камсыздоо жана кепилдиги боюнча чет элдик тажрыйбаны үйрөнүү, аны ОшМУда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо.

АББСДнын функциялары:

  • Окуу процессин коштоочу документациянын сапатына баалоону уюштурат.
  • Структуралык бөлүмдөргө билим берүү программаларынын сапатын контролдоону жүзөгө ашыруу менен байланышкан маселелер боюнча жардам көрсөтүүнү уюштурат.
  • Студенттердин билимдерин күндөлүк, аралык жана жыйынтык контролдоонун натыйжаларын анализдөөнү уюштурат.
  • МА үчүн баалоо каражаттарынын фондунун (БКФ) сапатын жана МАнын жыйынтыктарын анализдейт.
  • Окутуучулардын ОМКларынын сапатына, предметтик БКФлардын окутуунун натыйжаларына шайкештигине баа берет.
  • ОшМУнун студенттеринин, окутуучуларынын, кызматчыларынын арасында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери боюнча сурамжылоону (анкетирлөө) даярдайт, уюштурат, өткөрөт жана натыйжаларды анализдейт.
  • ПО курамдын дисциплиналарды МББСнын талаптарына ылайык окутуу сапатына баа берүү боюнча студенттерди официалдуу анкетирлөөнү өткөрөт.
  • Бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээлине канаатануусун аныктоо максатында жумуш берүүчүлөрдү жана бүтүрүүчүлөрдү анкетирлөөнү уюштурат.
  • Билим берүүнүн сапатына тиешелүү маселелер боюнча структуралык бөлүмдөрдө регулярдуу түрдө текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, аларды жыйынтыктарына ылайык коррекциялоочу чараларды макулдашууну, алардын аткарылын контролдоону уюштурат, өткөрөт.
  • Анкетирлөөнүн, текшерүүнүн, мониторингдин жыйынтыктары боюнча статистикалык отчётторду, информациялык-аналитикалык мүнөздөгү материалдарды даярдайт.
  • Аккредитация маселелери боюнча структуралык бөлүмдөрдүн ишмердигин координациялоо, маалыматтык-методикалык коштоо, контролдоо жана анализдөө иштерин уюштурат, жетектейт.
  • Аккредитация, өздүк баалоо жана билим берүүнүн сапаты боюнча кеңешмелер, семинарлар, конференциялар уюштурат.

Департаменттин укуктары:

           Өз функцияларын жүзөгө ашырууда АББСД төмөнкү укуктарга ээ:

  • ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнөн университеттин билим берүү программаларынын сапатын контролдоо системасынын иш чараларын жана процедураларын эффективдүү аткаруу үчүн колдоо алып туруу;
  • структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилеринен департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча маалымат суроо;
  • департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча сырткы мекеме-уюмдар менен мамилелешүүдө билгиленген тартипте ОшМУнун атынан өкүл болуу;
  • департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча жетекчиликке анын ишмердигин өркүндөтүү сунуштарын кийирүү;
  • структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери менен макулдашуу аркылуу алардын кызматчыларын АББСДнын ишине катыштыруу;
  • департаменттин кызматчыларынын жоопкерчилик даражасы кызматтык инструкциялар аркылуу аныкталат.

 

 

 

“Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты” департаментинин кызматкерлери

Аты-жөнү

Кызматы

Электрондук почта

Телефон

1

Алтыбаева Мейлихан Алтыбаевна

Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин директору

maltybaeva@oshsu.kg

0772-53-86-72

0559-53-86-72

2

Атакулов Сүйүнали Ташболотович

Ага инспектор

satakulov@oshsu.kg

0555-07-97-95

3

Сооронбаева КаухарАкылбековна

Улук инспектор

 

ksooronbaeva@oshsu.kg

0777-31-49-06

4

Орунбаева Гүлкайыр Жолоновна

Улук инспектор

 

gorunbaeva@oshsu.kg

0773-38-26-80

5

Султанова Айжан Турдалиевна

Окуу метод кеңешинин координатору

asultanova@oshsu.kg

 

0773-22-33-38

6

Маткалыков Азирет Али Салайдинбекович

Карьера борборунун башчысы

amatkalykov@oshsu.kg

0559-80-18-80