Кара-Суу гимназиясы

Üniversite Yapı Liseler Kara-Suu lisesi

Кара-Суу гимназиясы

Ош мамлекеттик университетинин "Кара-Суу" гимназиясы ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаковдун демилгеси менен Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү, Кара-Суу шаардык мэриясы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан түзүлгөн үч тараптуу келишимге ылайык, ОшМУнун ректорунун 2018-жылдын 26-майындагы №438- буйругунун негизинде ачылып, 2018-2019-окуу жылына карата окуучуларды кабыл алган.

         Гимназиянын максаты:

  • Окуучуларга мамлекеттик стандарттын негизинде жеткиликтүү билим берүү менен бирге кошумча сабактарды жогорку деңгээлде окутуу;
  • Компьютердик сабаттуулукту калыптандыруу;
  • Улуттук таалим-тарбия берүү менен адеп-ахлактык маданиятты калыптандырып, мекенчилдик сезимин арттыруу;
  • Окутуунун алдыңкы, эффективдүү усулдарын колдонуу менен заманбап билим алууга жетиштирүү;
  • Берилген теориялык билимди практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн калыптандырууга багыттап окутуу;

Аты-жөнү

Кызматы

Эл.дареги

Тел.номери

1

Кубанычбек уулу Нурсултан

директор

Nursultan19081994@mail.ru

0773 809 125

Фото галерея