Таланттар академиясы

Üniversite Yapı Merkezler Yetenek Akademisi

Таланттар академиясы

Ош мамлекеттик университетинин Р. Абдыкадыров атындагы Таланттар академиясы окуу жайдын баардык факультетиндеги таланттуу студенттердин башын бириктирген борбор болуп саналат. Мында  студенттер  ырдаганды, бийлегенди, музыкалык  аспаптарда ойногонду үйрөнүп, сабактан кийин атайын  ийримдерге жазылып, өздөрүндө болгон шык-жөндөмүн өстүрүүгө мүмкүнчүлүк  алат.

Ошондой эле, ОшМУда  окуп жаткан студенттерге эстетикалык тарбия берүүдө жана студенттердин маданий эс алуусун камсыз кылууда Таланттар академиясынын ролу чоң.  

Таланттар академиясы 2009-жылдан 2017-жылга чейин  Р.Абдыкадыров атындагы Маданий - эстетикалык борбор аталып, КРнын Эл артисти обончу, аткаруучу Апаз Жайнаков андан кийин белгилүү обончу, аткаруучу ф. и. к, доцент Түмөнбай Колдошов  жетектеп окуу жайдагы таланттуу, студенттерди тарбиялап чоң сахнага алып чыккан.

2016-жылдан 2019-жылга чейин аталган борборго маданияттын мыкты кызматкери  обончу, аткаруучу Эламан Жалалов директор болуп иштеген.  2019-жылдын ноябрь айынан баштап Р. Абдыкадыров атындагы Таланттар академиясынын директору болуп ырчы, алып баруучу Догдурбек Акималиев иштеп келет.     

Таланттар академиясында КРнын Эл артисти залкар комузчу Фахридин Баяков,  КРнын эмгек сиңирген артисти обончу Эгемберди Талипов, маданияттын мыкты кызматкери  чебер комузчу  Бекболот Абдубалиев жана белгилүү ырчы  маданиятын мыкты кызматкери  Нурзат Айдаркуловалар эмгектенип кеткен.

ОшМУнун Р. Абдыкадыров атындагы Таланттар академиясынын кызматкерлеринин түзүмү:

Аты жөнү

Кызматы

Байланыш номери

Электрондук дареги

 

Кубатбек у Догдурбек

Директор

0772290155

0700290155

Akimaliev95@bk.ru

 

Жолболду Алыбаев

"Санат" дастан айтуу ийриминин жетекчиси, КРнын Эл артисти

0778241247

 

 

Солтобай Кулбаев

"Дебют"студенттик  театрынын жетекчиси КРнын эмгек сиңирген артисти     

0779487276        

 

 

Айпери Кулбаева  

"Үмүт" фольклордук аспаптарда аткаруу жана ырдоо ийриминин жетекчиси

0773414669        

 

 

Айгерим Мухтардин кызы

Комуз үйрөнүү ийриминин жетекчиси

0559449698        

 

 

Алтынай Осмоналиева

 

"Арууке" бий ийриминин жетекчиси

0559002249        

 

Таланттар академиясы таптаган таланттар:

Эламан Жалалов,  Элбарчын Калилова, Бегимай Жолдошева, Элтуран Абдыкалыков, Каныбек Дайырбек уулу, Марсияна Дарманбекова, Нуртилек Абдигапаров, Догдурбек Акималиев, Элчибек Жумабек уулу, Нурсултан Абдыкаримов, Манас Орунбаев, Калдарбек Шарипов, Алтынбек Арапов жана башкалар.

Окуу жайыбызда окуган таланттуу студенттерди катарыбызга чакырабыз!

 

Фото галерея