Факультеттин тарыхы жана профессордук-окутуучулук курамы

Üniversite Yapı Fakülteler Tıp Fakültesi

Факультеттин тарыхы жана профессордук-окутуучулук курамы

Адрес Юго-Восток
Телефон 0555555555
Факс 0555555555
Веб-сайт medical.oshsu.kg
E-mail admin@gmail.com

1992-жылы университет тарабынан даярдалган документтердин негизинде Ош шаарында биринчи жолу ОшМУнун базасында медицина факультетин ачуу чечими кабыл алынган (КР Өкмөтүнүн 05.11.92-ж №552-;№20/4 Токтомдору; КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин 17.11.92-ж. №324 буйругу).

Жаңы факультетти уюштурууда, өзгөчө университеттин жетекчилиги, ошондой эле саламаттыкты сактоо чөйрөсүнүн бир катар көрүнүктүү өкүлдөрүнүн эбегейсиз зор эмгектерин жумшашкандыктарын белгилөөгө болот. Алардын катарында ошол кездеги облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Д.Д. Рисалиевди, облустук клиникалык ооруканалардын башкы врачтары Т.Ш. Шайназаровду, К.А. Атахановду, И.Н. Максымбековду, врач-хирург Р.М. Тойчуевди, педагог-анатом Ч.Дж. Джумабаевди, врач-травматолог Ж.Ж.Жеенбаевди, Ош шаардык оорукананын жетекчилигин кошууга болот.

Медицина факультети бүгүнкү күндө ОшМУдагы эң алдыңкы факультеттердин бири катары эсептелинип, жогорку квалификациялуу дарылоо иши, педиатрия, стоматология, медициналык-профилактикалык иши жана фармация адистиктери боюнча медициналык кадрларды даярдап чыгарууда.

Медициналык билим берүүнү өркүндөтүү жана региондогу калктын саламаттыгынын алдын алуу максатында ОшМУнун медициналык клиникасынын, стоматологиялык клиникасынын курулушу башталып, 2014-жылдын октябрь айында ишке киргизилген.

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин жалпы эмгек жамааты 20 жылдык чоң мааракени белгилеп жатып, чыгармачылык эмгекке жана интеллектуалдык изденүүгө умтулуу менен, Кыргызстандын жаркын келечеги ар бирибиздин эмгекке болгон тайбас аракеттенүүбүзгө, жоопкерчиликтүү жана профессионалдуулук менен ишти аткара билүүдөн көз каранды экендигин белгилейбиз.

Медицина факультетинин 22 кафедрасында 300дөн ашуун профессор-окутуучулар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгерлери, саламаттыкты сактоонун жана билим берүүнүн мыктылары, ошондой эле 20 илимдин доктору, 75 илимдин кандидаттары эмгектенишет.

Ар жылы 200дөн ашуун илимий макала эл аралык жыйнактарга, анын ичинен 35-40%  борбордук жана 60-65% жергиликтүү басылмаларда жарык көрүп турат.

Медицина факультетинин студенттик илимий коому (СНО, СМУ) университеттин «Илим жумалыгынын» алкагында кафедралык, факультеттик, университеттик жана ЖОЖдор аралык деңгээлде конференцияларга катышышып жогорку ийгиликтерге жетишкен.

Бүгүнкү күндө кафедралардагы илимий темалар системалаштырылып, 6 негизги илимий багыт аныкталган:

1. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагынын заманбап өнүгүү шартында уюштуруунун, башкаруунун жана эпидемиологиялык изилдөөнун абалы.

2. Кыргызстандын түштүгүндөгү калктын иммундук системасын изилдөө, дарт аныктоо жана дарылоонун жаңы ыкмаларын жогорку деңгээлге жеткирүү.

3. Жаш балдарга жана чоң кишилерге хирургиялык жардамды оптималдаштыруу, дарт аныктоонун жана дарылоонун жаңы усулдарын өркүндөтүү.

4. Кыргызстандын түштүгүндө жашоочу аялдардын организмин үйрөнүүнүн морфо- жана гистофункционалдык аспектилери жана ар түрдүү экологиялык жагымсыз факторлордун репродуктивдик абалына тийгизген таасири.

5. Жаңы заттарды синтездөөнүн физикалык-химиялык негиздерин иштеп чыгуу жана алардын касиеттерин изилдөө.

6. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун өнүгүүсүнүн замапбап этабында стоматологиялык изилдөөлөрдү иштеп чыгуу жана өнүктүрүү.

материалдык-техникалык база жана эл аралык байланыштар

 

ОшМУнун медициналык клиникалык базасы болуп төмөнкүлөр эсептелинет:

• Ош облустар аралык клиникалык ооруканасы;

• Ош облустар аралык балдар клиникасы;

• Шаардык балдар ооруканасы;

• Ош шаарынын дарылоо мекемелери;

• Ош облустук дарылоо мекемелери;

• Аймактык дарылоо мекемелери.

Медицина факультетинин студенттери 1-курсунан тарта өндүрүштүк практиканы дарылоо мекемелеринде өтөшөт. Түштүк аймактагы бардык дарылоо мекемелери болочок дарыгерлерди тартууга кызыкдар. Жогорку окуу жайларында квалификациялуу дарыгер адистерди даярдоодо өндүрүштүк практика окуу процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Өндүрүштүк практиканы өтөөнүн жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн адистик сабактары боюнча теориялык билимдерин тереңдетишет жана кеңейтишет, оорулууну иликтөөнүн практикалык көндүмдөрүнө тажрыйбалашат, дарыгердин адистик ишмердүүлүгүнүн негизги түрлөрүнө ээ болушат, оорулуулар жана алардын туугандары менен медициналык кызматкерлердин ортосундагы мамиленин этикалык жана деонтологиялык аспектилерин өркүндөтүшөт.

Аймактык дарылоо мекемелери менен медицина факультетинде келишимдер түзүлгөн. Студенттер өндүрүштүк практикаларын да ошол мекемелерде өткөрүү менен алар болочоктогу адис катары практикалык көндүмдөргө гана ээ болушпастан, келечектеги жумуш ордулары менен да тааныша алышат.

Факультеттин окумуштуулары менен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ЖОЖдорунун арасында тыгыз кызматташтык түзүлгөн: КММА (Бишкек), КОСУ (Бишкек), КР УИА, Анжиян мамлекеттик медициналык институту (Өзбекстан), Асфендияров атындагы КазММУ (Алматы), КазММА (Астана), Сеченов атындагы ММА (Россия), Краснодар медицина институту (Россия), Нью-Йорк илимдер Академиясы (АКШ), Жорджия штатынын Университети (АКШ), Ктен штатынын Университети (АКШ), Анкара жана Эрджиес университеттери (Түркия).

Фото галерея