ОшМУ Москвада өткөн эл аралык илимий жыйында юридикалык долбоорлорун тааныштырды

Anasayfa Haberler

ОшМУ Москвада өткөн эл аралык илимий жыйында юридикалык долбоорлорун тааныштырды

Image

26-ноябрда Москва шаарындагы Кутафин атындагы Москва мамлекеттик юридикалык университетинде өткөн эл аралык жыйында ОшМУнун өкүлдөрү юридикалык билим берүү жана изилдөө багытындагы долбоорлорун сунушташты. Университеттин атынан юридика илимдеринин доктору, профессор Аманай Акматова, доцент Жылдыз Айтбаева катышты.

Аманай Акматова жашы жете электер арасында «аптекалык» наркоманиянын алдын алуунун укуктук жана криминологиялык аспектилери боюнча баяндама жасады. Ал өспүрүмдөр арасындагы девианттык жүрүм-турумдун алдын алуу үчүн укуктук, криминологиялык ыкмаларды биргелешип иштеп чыгууда чет өлкөлүк университеттердин илимий мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу маанилүү экенин белгиледи. Ал эми Жылдыз Айтбаева ОшМУнун юридикалык билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу демилгесин сунуштады. Анда биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, эл аралык илимий басылмаларда макалаларды жарыялоо жана билим берүү иш-чараларын уюштуруу каралган.

Эл аралык жыйынга Орусия, Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Индия жана Бразилиядан 16 университеттин жана илимий-билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

 

fotoğraf Galerisi