Студенттер Тамбов университетинде диалектологиялык практикасынын жыйынтыгын онлайн сунушташты

Anasayfa Haberler

Студенттер Тамбов университетинде диалектологиялык практикасынын жыйынтыгын онлайн сунушташты

Image

26-ноябрда ОшМУ менен Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин кош диплом программасы боюнча окуган 2-курсунун студенттеринин диалектологиялык практикасынын жыйынтыгы талкууланды.

Сентябрь-октябрь айларында студенттер Г.Р. Державин атындагы Тамбов мамлекеттик университетинде практикадан өтүшкөн. Анда алар орус тилинин диалектилерин изилдеп, теориялык билимдерин тереңдетип, изилдөө жүргүзүү боюнча тажрыйба топтошкон.

26-ноябрдагы онлайн-конференцияга аталган окуу жайдын орус тили, орус жана чет элдик адабият кафедрасынын башчысы Наталья Желтова, диалектологиялык практиканын жетекчиси, филология илимдеринин доктору, профессор Татьяна Махрачева жана окуу жайдын Карьера жана практика борборунун директору Марклен Бабаев катышты. Анда студенттер практика учурунда жүргүзгөн диалектологиялык изилдөөлөрүн тааныштырып, баяндамаларын жасашты. Катышуучулар студенттердин иштерин талкуулап, практиканын жыйынтыгын чыгарышты.

Иш-чараны кош диплом программасынын жетекчиси Диларам Мадаминова жана орус филологиясы факультетинин практика жетекчиси Чынара Токурова уюштурушту.

fotoğraf Galerisi