Ош мамлекеттик университетинин Орус филологиясы факультетинин тарыхы 1939-жылдан, Ош мугалимдер институту (кийинчерээк педагогикалык институт) түзүлгөн мезгилден башталат. Факультеттин түптөлүшүнө И. П. Карасёва, Е. Н. Курбатова, Л. Д. Поколодный сыяктуу көрүнүктүү педагогдор салым кошушкан.
Факультеттин өнүгүшүнө, илимий жана педагогикалык кадрларды даярдоого Р. Х. Муратов, В. И. Гудков, Ю. И. Чернышева, Ш. Ю. Мусин, А. П. Селивёрстова, Е. С. Палагина, С. Л. Мухина, С. И. Ибрагимов, А. М. Жмаев, В. А. Маслова, Ж. А. Акпаралиев, Н. К. Салахитдинова, М. Дж. Тагаев, К. З. Зулпукаров жана башка окумуштуулардун менен педагогдордун зор салымы бар.
Факультет өзүнүн ишмердүүлүгүндө орус тили жана адабияты боюнча он миңдеген мугалимдерди даярдап чыгарган. Бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында, коомдук-саясий турмуштун ар кыл тармактарында жана чет өлкөлөрдө ийгиликтүү эмгектенип келишет.
Факультет жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулук курамга ээ.
Учурда анда 3 илимдин доктору, профессор (К. З. Зулпукаров, Г. А. Мадмарова, В. К. Сабирова), 20 илимдин кандидаты, 30 доцент жана ага окутуучу эмгектенет. Ошондой эле 25 окутуучу Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги болуп саналат. Учурда 12 изденүүчү диссертациялык изилдөөлөрүнүн үстүндө иш алып барууда.
Факультеттин миссиясы
Компетенттүүлүккө негизделген заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыз кылуу, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялануу, жаштардын арасында коомдун адеп-ахлактык, маданий жана илимий баалуулуктарын калыптандыруу.
Өлкөнүн экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында илимде, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүктө интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыра алган, жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү филолог адистерди даярдоо.
Факультеттин максаты
Заманбап билим берүү технологияларын өздөштүргөн, илимий жана методикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө жөндөмдүү, учурдагы социалдык-маданий процесстерде багыт ала алган, өсүп келе жаткан муунду руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоого салым кошкон орус тили жана адабияты боюнча жогорку квалификациялуу мугалимдерди даярдоо.
Билим берүү багыттары
Учурда ОшМУнун Орус филологиясы факультетинде студенттер төмөнкү билим берүү программалары боюнча даярдалат:
Бакалавриат:
«Филологиялык билим берүү» (орус тили жана адабияты).
«Лингвистика» (чет тилдерди жана маданияттарды окутуунун теориясы жана методикасы).
Магистратура:
«Филологиялык билим берүү».
«Филология».
«Лингвистика».
Факультеттин деканы: Суркеева Венера Бекмаматовна
Илимий даражасы: филология илимдеринин кандидаты, доцент
Электрондук дарек: vsurkeeva25@mail.ru