Окутуучулардын түйшүгүн жеңилдеткен MyTE платформасы пилоттук режимде иштейт

Anasayfa Haberler

Окутуучулардын түйшүгүн жеңилдеткен MyTE платформасы пилоттук режимде иштейт

Image

15-октябрда Ош мамлекеттик университетинде MyTE интеллектуалдык санариптик платформасын колдонуу боюнча семинар болду.

Окутууну автоматташтырылган байланыш жана телекоммуникация системалары кафедрасынын окутуучусу, изденүүчү Эльстан Дарбанов өткөрдү. Ал платформанын мүмкүнчүлүктөрүн, анын жардамы менен силлабустарды, окуу-методикалык комплекстерди (ОМК) даярдоонун жолдорун көрсөттү.

Платформа алгач пилоттук негизде Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда ишке киргизилет. Долбоор окуу-методикалык комплекстерди санариптештирүүгө, окутуучулардын ишин жеңилдетип, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Демилге ийгиликтүү ишке ашса, платформа университеттин башка түзүмдүк бөлүмдөрүнө да жайылтылат.

Семинар окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү менен бирдикте уюштурулду.

 

fotoğraf Galerisi