Кытайлык окутуучу Чэнь Вэнь: ОшМУну тандаганыма үч себеп бар
2026-10-14
/
143
/
02:10:18
Тил үйрөнүү башка элдин маданиятын таанып-билүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан кадам. Акыркы жылдары Кыргызстанда кытай тилин үйрөнүүгө кызыккан жаштардын саны да өсүүдө.
Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтунда (кыргыз-кытай факультетинде) студенттерге кытай тилин үйрөтүп, алардын кесиптик өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан окутуучу Чэнь Вэнь Борбор Азияда он жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келет. Ал 2023-жылдан бери аталган институтта иштеп, кытай тилин окутуу менен катар студенттерди чыгармачылык сынактарга даярдоо, окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана маданияттар аралык байланышты чыңдоо багытында иш алып барууда.
Биз Чэнь Вэндин Кыргызстанга келүү чечими, ОшМУдагы окутуу чөйрөсү жана анын алдыдагы пландары тууралуу маектештик.
– Саламатсызбы! Алгач өзүңүздү окурмандарга тааныштырып өтсөңүз.
– Мен Кытайдын Шинжаң аймагынан болом, 39 жаштамын. Шинжаң педагогикалык университетин бүтүргөм.

– Кыргызстанга, анын ичинде Ош шаарына келип, ОшМУнун Конфуций институтунда иштөөңүзгө эмне түрткү болду?
– Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтуна келгенге чейин Тажикстан улуттук университетинин Конфуций институтунда алты жыл эмгектендим. Кызматтык ротация учурунда кайсы Конфуций институтунда иштөөнү тандоо мүмкүнчүлүгү берилгенде, борбордогу окуу жайларды эмес, ОшМУнун Конфуций институтун тандадым. Мындай чечим кабыл алышыма үч себеп болду. Биринчиден, ОшМУнун Конфуций институтунун өзүнө таандык окуу корпусу, жатаканасы жана аймагы бар. Анын окуу шарттары, иш алып баруу модели башка институттардан айырмаланат. Бул жерге келип, жаңы тажрыйба топтогум келди. Экинчиден, Тажикстанда иштеген алты жылымда негизинен кытай тилин баштапкы жана башталгыч деңгээлде окуттум. Бакалавриат деңгээлинде сабак берүүгө дээрлик мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ал эми ОшМУнун Конфуций институтунда бакалавриат студенттерине кытай тилин окутууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул менин кесиптик тажрыйбамды кеңейтүүгө жана педагогикалык жөндөмүмдү өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду. Үчүнчүдөн, Ош шаарынын тургундары жөнөкөй, боорукер, ак көңүл жана кытай жарандарына жылуу мамиле жасай турганын уккам. Ошондуктан бул жерде жашап, иштеп, жергиликтүү элдин меймандостугун өз көзүм менен көргүм келди.
– Кыргызстанга биринчи жолу келген учуруңуз эсиңиздеби?
– Кыргызстанга, тактап айтканда, Ош шаарына 2023-жылдын 28-февралында биринчи жолу келгем. Борбордук Азияда мурда да узак убакыт иштегендиктен жана орус тилин жакшы билгендиктен жергиликтүү тамак-аш, жашоо-тиричилик, күнүмдүк жүрүм-турум өзгөчөлүктөрү мага анчалык деле жат болгон жок. Ошондуктан өзүмдү бөтөн жерде жүргөндөй сезген жокмун. Келген күнү эле жергиликтүү тамактардан даам таттым. Алардын даамы өзгөчө экен. Тажикстанда иштеп жүргөндө мындай тамактарды көп кездештирген эмесмин. Бирок мага эң чоң жылуулукту студенттерим жана кесиптештерим тартуулашты. Ошко жаңы келгенде көп нерсени билчү эмесмин. Виза алуу, медициналык текшерүүдөн өтүү, күнүмдүк керектүү буюмдарды сатып алуу сыяктуу иштерде студентим Давэй өз каалоосу менен жардам берип, мени бардык жерде коштоп жүрдү. Ал мугалимин сыйлаган, адамдарга чын жүрөктөн мамиле кылган студент. Конфуций институтундагы кытайлык жана кыргызстандык кесиптештерим да ар тараптуу колдоо көрсөтүштү. Кытайлык мугалимдер жашоо-шартымды жөнгө салууга, тамак-аш, кийим-кече, турак жай маселелерине жардам беришсе, кыргызстандык кесиптештерим мени унаа менен тосуп алып, көчүп-конуу иштериме көмөктөштү. Институттагы эки өлкөнүн кызматкерлеринин бири-бирине жардам берип, ынтымакта иштегени мага бул жерди чоң үй-бүлөдөй сезүүгө мүмкүнчүлүк берди.
– Студенттер менен иштөөдөн жана баарлашуудан кандай таасир аласыз?
– Учурда Конфуций институтунда бакалавриат студенттерине кытай тилинен сабак берем. Алардын тил боюнча базалык билимин бекемдөөгө жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көңүл бурам. Мындан тышкары окуу иштерин уюштурууга, студенттердин жетишкендиктерин көзөмөлдөөгө, аларга кеңеш берүүгө катышам. Кыргызстандык студенттердин чынчылдыгы жана билим алууга болгон ынтызарлыгы мага өзгөчө таасир калтырат. Алар сабактарга активдүү катышып, тапшырмаларды кылдат аткарышат. Сабактан кийин да түшүнбөгөн суроолорун өздөрү келип сурап, билимдерин тереңдетүүгө аракет кылышат. Мүнөздөрү ачык-айрым, жөнөкөй жана сылык. Мугалимдерин сыйлашат, бири-бирине жардам берип, ынтымактуу мамиледе болушат. Студенттер менен күн сайын баарлашуу мага жаштардын энергиясын жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон умтулуусун сезүүгө шарт түзөт. Ошол эле учурда маданияттар аралык байланыш менин да кесиптик тажрыйбамды байытып жатат.

– Студенттер сизге кыргыз тилин үйрөнүүгө жана жергиликтүү маданият менен таанышууга жардам берип жатышабы?
– Студенттер менен тыгыз байланышта болуунун натыйжасында Кыргызстан тууралуу мурдагы түшүнүктөрүмдүн көбү өзгөрдү. Башында Тажикстан менен Кыргызстан Борбордук Азиядагы коңшу өлкөлөр болгондуктан маданияты жана каада-салттары анчалык деле айырмаланбаса керек деп ойлочумун. Бирок бул жерде жашап, эки өлкөнүн улуттук каада-салттары менен аймактык маданиятында олуттуу айырмачылыктар бар экенин түшүндүм. Мага өзгөчө улуттук каада-салттар, искусство маданияты таасир калтырды. Мен бийлегенди жакшы көрөм. Тажикстанда иштеп жүргөндө алардын улуттук бийлерин да үйрөнгөм. Ал эми кыргыздардын салттуу бийлеринин өзүнө гана таандык стили жана өзгөчөлүгү бар экен. Жергиликтүү маданияттагы айрым көрүнүштөр мен үчүн жаңы болду. Мисалы, эркектердин улуттук калпак кийиши, эркектер менен аялдардын биргелешип «Манас» эпосун айтуусу мага өзгөчө кызыктуу көрүндү. Эсимде калган окуялардын бири, төртүнчү курстун студенттеринин Нооруз майрамында «Манас» эпосунун негизинде чыгармачылык программа даярдап, сахналаштырып көрсөткөнү болду. Программада баяндоо, сахналык көрүнүштөр, салттуу ырлар жана улуттук бийлер айкалышып, мазмуну бай, формасы ар түрдүү болду. Студенттер кыргыз элинин маданиятын ар тараптуу көрсөтө алышты. Алардын аткаруусу мага абдан таасир калтырды. Мугалим катары студенттерим менен чын жүрөктөн сыймыктандым.

– Кыргызстандык жаштардын кытай тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусунун негизги себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Менин оюмча, жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жана кесиптик өнүгүү жаштардын кытай тилин үйрөнүүсүнө түрткү берген негизги факторлор. 2023-жылы пандемиядан кийинки мезгилде Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташтыгы жана биргелешкен долбоорлору жандана баштады. Көптөгөн кытайлык ишканалар, биргелешкен долбоорлор Кыргызстанда ишке ашырылууда. Ошондой эле эки өлкөнүн транспорт, экономика, эл аралык кызматташтык тармактарындагы байланыштарынын өнүгүшү кытай тилин билген адистерге болгон суроо-талапты жогорулатууда. Кытай тилин жакшы өздөштүргөн жана кесиптик билими бар адистер үчүн жумуш тандоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, карьералык өсүүгө да шарт түзүлүүдө. Муну Конфуций институтуна кабыл алуу көрсөткүчтөрүнөн да байкоого болот. 2025-жылы биринчи курска 200 студент кабыл алынган болсо, 2026-жылы алардын саны 300гө жетти. Бул Кыргызстанда кытай тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуу өсүп жатканын көрсөтөт. Албетте, айрым студенттерди Кытайдын тилине жана маданиятына болгон кызыгуу да шыктандырат. Алар кытай тилин үйрөнүү аркылуу Кытайга барып, өлкө менен жакындан таанышууну, ал тургай ошол жактан билим алууну каалашат.
– Кытай тилин жаңы үйрөнө баштаган студенттерге кандай кеңеш бересиз?
– Эл аралык кытай тилин окутуу тармагында он жылдан ашык убакыттан бери иштеп келем. Тил үйрөнүүдө «20/80 эрежеси» маанилүү деп эсептейм. Баштапкы этапта бекем негиз түзүү, пайдалуу адаттарды калыптандыруу жана туура методдорду өздөштүрүү кийинки окуунун натыйжасына түздөн-түз таасир этет. Биринчиден, фонетикалык негизди бекемдеп, сөздөрдүн тонун туура айтууга өзгөчө көңүл буруу керек. Кытай тилиндеги тон тилдин маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири. Баштапкы этапта пиньинди жана тонду машыгууга жетиштүү убакыт бөлүү зарыл. Сүйлөө ылдамдыгын жайлатууга туура келсе да, ар бир сөздүн айтылышын жана тонун туура өздөштүрүүгө аракет кылуу керек. Туура айтылыш көндүмүн башынан калыптандырсаңыз, кийинки окуу кыйла жеңил болот. Тескерисинче, туура эмес айтылыш адаты калыптанып калса, аны кийин оңдоо бир топ кыйынга турат. Экинчиден, иероглифтерди жазуу көндүмүн башынан эле өнүктүрүү зарыл. Кытай тили боюнча адистикте окуган студенттер үчүн жазуу жөндөмү маанилүү. Эгер баштапкы этапта иероглиф жазуудан качсаңыз, кийин аны өздөштүрүүдө кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, сабактан тышкаркы убакта үзгүлтүксүз окуу адатын калыптандыруу керек. Кайсы тил болбосун, аны үйрөнүүдө көп окуу, тилдик чөйрөгө аралашуу маанилүү. Кытай тилин үйрөнүүдө да туруктуулук жана күн сайын машыгуу чоң роль ойнойт.
– ОшМУнун Конфуций институтундагы окутуу шарттарын жана билим берүү чөйрөсүн кандай карайсыз?
– Мен институттагы окутуу шарттарына жана билим берүү чөйрөсүнө абдан ыраазымын. Кытайдагы көптөгөн Конфуций институттары менен салыштырганда, ОшМУнун Конфуций институтунун өзгөчө артыкчылыктары бар. Анын өзүнчө окуу корпусу, жатаканасы, атайын аймагы бар. Окуу бөлмөлөрү кенен, жарык, таза жана ыңгайлуу. Окутуу жабдуулары жетиштүү, билим берүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

– Жергиликтүү элдин кайсы сапаттарын бааладыңыз?
– Жергиликтүү элдин жөнөкөйлүгүн, чын ыкластуулугун жана меймандостугун өзгөчө баалайм. Конфуций институтунун ишмердүүлүгүнүн алкагында студенттердин үйлөрүнө байма-бай барып турабыз. Алардын ата-энелери бизди ар дайым жылуу кабыл алып, конок катары сыйлашат. Биз алдын ала байланышып, атайын даярдануунун кереги жок экенин, убара болбоону айтсак да, алар сөзсүз мол дасторкон жайып, мөмө-жемиштерди жана суусундуктарды даярдашат. Айыл чарба жана мал чарбачылыгы менен алектенген айрым үй-бүлөлөр өздөрү багып өстүргөн малдан союп, атайын тамак жасап беришет. Мындай жөнөкөй, таза жана чын жүрөктөн чыккан мамиле бизге ар бир үй-бүлөгө барган сайын өзгөчө жылуулук тартуулайт.
– Окутуудан тышкары кандай кызыгууларыңыз бар?
– Бош убактымда ырдаганды жакшы көрөм. Ырдоого болгон кызыгуумдун негизинде институтта кытай ырлары боюнча атайын сабактарды өтүүнү өз каалоом менен колго алдым. Ар жума сайын эки академиялык саат кытай ырларын үйрөтөм. Ыр аркылуу Кытайдын маданиятын жайылтууга жана студенттердин кытай тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырууга аракет кылам. Менин жетекчилигимде студенттер кытай тилиндеги чыгармачылык сынактарга активдүү катышып жакшы жыйынтыктарга жетишип келишет. Конфуций институту тарабынан уюштурулган республикалык кытай ырлары сынагында да алдыңкы орундарды ээлешүүдө.
– Кыргызстан менен Кытайдын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты дагы кандай багыттарда өнүктүрүүгө болот?
– Учурда Кыргызстан менен Кытайдын жогорку окуу жайларынын кызматташтыгынын негизинде студенттерди даярдоонун белгилүү бир системасы калыптанган. Анын маанилүү багыттарынын бири эки өлкөнүн университеттеринин биргелешкен билим берүү программалары. Мындай программалар аркылуу студенттер мамлекеттик стипендияга тапшырып, «Кыргызстанда эки жыл, Кытайда эки жыл» модели боюнча билим ала алышат. Бул модель студенттерге өз өлкөсүндө тилдик жана маданий билимин бекемдөөгө, ошол эле учурда Кытайда кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Натыйжада алардын билим деңгээли жогорулап, дүйнө таанымы кеңейет. Мындан тышкары эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгы тереңдеген сайын жогорку окуу жайлардын ортосундагы байланыштар да кеңейүүдө. Эки тарап кытай тилин окутуу, илимий изилдөө жүргүзүү, окуу китептерин иштеп чыгуу, мугалимдерди биргелешип даярдоо жана маданий кызматташтык багыттарында иш алып барууда. Келечекте кызматташтыкты өнүктүрүү менен Кытайда билим алууга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, атайын колдоо программаларын жана университеттер менен ишканалардын кызматташтыгына негизделген жумуш мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө болот. Бул кыргызстандык жаштар үчүн жаңы жолдорду ачат.
– Алдыда кандай максат, пландарыңыз бар?
– Борбордук Азияда эл аралык кытай тилин окутуу тармагында он жылдан ашуун убакыт иштеп окутуу, илимий изилдөө жана сынактарга катышуу боюнча мол практикалык тажрыйба топтодум. 2025-жылы Кыргызстанда өткөн кытай тили мугалимдеринин сабак өтүү чеберчилиги боюнча республикалык сынакта биринчи орунду ээледим. ОшМУнун Конфуций институтунда иштеп жүргөн мезгилде Кытай тараптын директору Ан Дэюандын жетекчилиги алдында бакалавриат үчүн кытай тили боюнча окуу китептерин иштеп чыгууга активдүү катыштым. Анын ичинде жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылган «Иш кагаздарын жазуу боюнча окуу курсу» аттуу китептин башкы редактору болдум. Мындан тышкары Ан Дэюандын жетекчилигинде биздин команда ОшМУнун Конфуций институтунун өзгөчө өнүгүү моделине арналган долбоорду Шинжаң педагогикалык университетинин билим берүү тармагындагы жетишкендиктер боюнча сыйлыгына сунуштаган. 2026-жылы долбоор университеттик деңгээлдеги өзгөчө сыйлыкка татыды. Келечекте Борбордук Азияда кытай тилин окутуу боюнча топтогон тажрыйбамды билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жумшагым келет. Тажрыйба бөлүшүү, методикалык жетекчилик кылуу жана биргелешкен илимий-методикалык иштер аркылуу кыргызстандык кытай тили мугалимдеринин кесиптик өсүшүнө көмөк көрсөтүүнү максат кылам. Негизги максатым билим берүү аркылуу маданиятты жайылтуу.

– Кыргызстанда иштеп жүрөсүз. Туулган жериңизди сагынган чыгарсыз. Бул жактан Кытайга кандай эстелик алып кеткиңиз келет?
– Чет өлкөдө узак убакыт иштегендиктен Кытайдын ар кайсы аймактарына таандык улуттук жана жергиликтүү тамактарды өзгөчө сагынам. Ал эми Кыргызстанда мен үчүн баалуу болгон көптөгөн жакшы эскерүүлөр бар. Кыргызстандын студенттеринин чыгармачылык жөндөмү жана фантазиясы абдан күчтүү. Алардын кол эмгектери, өз колу менен тарткан сүрөттөрү, сайма буюмдары, өзгөчө жасалган күндөлүктөрү жана эскерүү китептери абдан кооз. Кытайга кайтып бара жатканда студенттерим өз колдору менен жасап берген эскерүү китебин ала кетким келет. Анын ичинде өздөрү тарткан сүрөттөрү, сайма жасалгалары, күнүмдүк жашоодон алынган сүрөттөр жана чын жүрөктөн жазылган каалоо-тилектер болсо, мен үчүн өзгөчө баалуу болмок.
– Кытайдан Кыргызстанга биринчи жолу келген дос, таанышыңызга кайсы жерлерди көрүүнү сунуштайт элеңиз?
– Биринчи кезекте, албетте, Ысык-Көлгө барууну сунуштайм. Анын жаратылышы укмуштуудай кооз, суусу тунук, айлана-чөйрөсү тынч. Бул жер Азиянын жаратылышынын кооздугун терең сезүүгө мүмкүнчүлүк берет. Андан кийин Ош шаарындагы Сулайман-Тоону көрүүгө чакырат элем. Бул жер жергиликтүү эл үчүн чоң тарыхый жана руханий мааниге ээ. Анын тарыхый-маданий мурасы терең, айлана-чөйрөсү да өзгөчө таасир калтырат. Ошондой эле Ош облусундагы Кара-Кой аймагына барууну сунуштайм. Анын кооз жаратылышы, тоо-суулары, жагымдуу чөйрөсү эс алып, Кыргызстандын табигый өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
– Студенттерге каалоо-тилегиңиз?
–Кытайда билим алуу кытай тилин үйрөнүүнүн жалгыз максаты эмес. Эң маанилүүсү окууга жоопкерчилик менен мамиле кылып, кытай тилин жакшы өздөштүрүп, кесиптик билимиңерди бекемдегиле. Студенттик жылдарыңарды баалагыла. Талыкпай эмгектенип, туруктуулук менен алдыга умтулгула. Кытай тили боюнча терең билимиңер аркылуу жакшы жумуш табуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуп, өзүңөрдүн жаркын келечегиңерди курууга кадам таштагыла.
Маектешкен Зинагул Нуралиева
fotoğraf Galerisi