ОшМУда Айым-режиссёрлордун эл аралык кинофоруму өтүп жатат

Anasayfa Haberler

ОшМУда Айым-режиссёрлордун эл аралык кинофоруму өтүп жатат

Image

Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын эл артисти Жамал Сейдакматованын жаркын элесине арналган VIII эл аралык «Айым-режиссёрлор» кинофоруму өтүп жатат.

Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден келген кинематографист айымдар, маданият өкүлдөрү, мамлекетти, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер катышууда.

Кинофорумдун биринчи күнү «Тунгуч» театрынын негиздөөчүсү, көрүнүктүү актриса Жамал Сейдакматованын чыгармачылык мурасына арналды. Анын «Шаркыратма», «Улан», «Ак илбирстин тукумдары», «Толкун жээкте өлөт» жана «Курманжан датка» тасмаларынан үзүндүлөр көрсөтүлдү. Ошондой эле режиссёр Дальмира Тилепбергенованын «Менин атым – Ысык-Көл» аттуу даректүү тасмасы тартууланды.

Форумдун алкагында мастер-класстар, тасмаларды көрсөтүү, чыгармачыл жолугушуулар да уюштурулат.

Иш-чара аймактык кино өнөрүн колдоого, чыгармачыл адистердин тажрыйба алмашуусуна жана эл аралык маданий кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

fotoğraf Galerisi