Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинде дарылоо иши багытында билим алып жаткан беш студенттин окуу акысы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын Өнүктүрүү фонду тарабынан төлөнүп берилет. Бул тууралуу 23-августта университетте өткөн жыйында айтылып, тиешелүү төрт тараптуу келишимге кол коюлду. Ага ылайык, студенттер окуусун аяктагандан кийин өз аймагында иштеп беришет.
Жолугушууга окуу иштери боюнча проректор Руслан Арапбаев, Чоң-Алайдын акиминин орун басары Бекназар Бакыбеков катышты. Бакыбеков бул демилге аймактагы медицина кадрларына болгон муктаждыкты чечүүгө багытталганын айтты.
«Аймакта дарыгерлердин жетишсиздиги курч бойдон турат. Бул маселени чечүү үчүн ОшМУ, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы, Чоң-Алай райондук жалпы дарыгерлердин практикалык борбору жана студент болуп төрт тараптуу келишим түздүк. Ага ылайык, кыздар кеминде эки жыл, балдар үч жылдан беш жылга чейин Чоң-Алай районунда эмгектенип бериши керек. Андан ары улантып эмгектенем десе да толук шарттарды түзүп беребиз», — деди ал.
Бул келишим жаштардын билим алуусуна колдоо көрсөтүү менен бирге, кадр маселесин чечүүгө, аймактардын өнүгүшүнө да өбөлгө болору белгиленди.