ОшМУда коопсуздук жана терроризмге каршы коргонуу чаралары күчөтүлөт

Anasayfa Haberler

ОшМУда коопсуздук жана терроризмге каршы коргонуу чаралары күчөтүлөт

Image

Университеттин аймагындагы коопсуздук күчөтүлөт. Окуу корпустарында, жатаканаларда жана коллеждерде видеокөзөмөл системасын кеңейтүү жана жаңылоо чечими кабыл алынды. 

Бул тууралуу 26-октябрда ОшМУнун коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен ИИМдин Күзөт кызматынын Ош шаарындагы Чыгыш күзөт бөлүмүнүн жетекчилигинин жумушчу жолугушуусунда макулдашылды.

Жолугушууда окуу корпустарынын, жатаканалардын, коллеждердин коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу жана аймакты террордук коркунучтардан коргоо маселелери талкууланды. Видеокөзөмөлдү кеңейтүү чечими кооптуу аймактарга жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында кабыл алынды.

Катышуучулар студенттердин арасында уурулук, майда бейбаштык жана буллинг көрүнүштөрүнүн алдын алуу маселесин көтөрүштү. Ошондой эле университеттин аймагына бөтөн адамдардын мыйзамсыз максатта кирүүсүнө жол бербөө чаралары каралды.

Андан тышкары өрт, жер титирөө сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда тараптар биргелешип иш алып баруунун алгоритмдерин макулдашты.

fotoğraf Galerisi