Eğitim Bakanı Batken'de saha dışı bir toplantı yaptı

Anasayfa Haberler

Eğitim Bakanı Batken'de saha dışı bir toplantı yaptı

Image

24-майда, Баткен облусунун Баткен шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин алгачкы көчмө жыйыны өттү. Отурумга Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган министрликтин өкүлдөрү, облустук билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жана Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйында билим берүү жаатындагы актуалдуу маселелер, учурдагы абал жана алдыда аткарыла турган иштер талкууланды. Ошондой эле, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө облустагы көйгөйлөрдү тизмектеп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

- БатМУнун Сүлүктү педагогикалык колледжинин Мектепке чейинки билим берүү адистигине бюджеттик орундарды көбөйтүп берүү боюнча иштерди жүргүзүү;

- Баткен облусунун жалпы билим берүү мекемелерин окутуу тилдерине ылайык, окуу китептери жана окуу-методикалык адабияттар менен камсыздоо иштерин жүргүзүү;

- мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерин, мамлекеттик кесиптик орто жана башталгыч окуу жайларын кезектеги жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери боюнча көйгөйдү чечүү үчүн, эл аралык донорлор менен иш алып баруу жана окуу-өндүрүштүк устаканаларды заманбап компьютерлер жана тиешелүү окуу жабдуулары менен камсыздоо;

- облустагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын компьютер менен камсыздоо;

- облустагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын интернет желесине туташтыруу;

- билим берүүнүн сапатын жана педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча зарыл чараларды көрүү;

- мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын суу менен камсыздоо маселесин чечүү;

- негизги жолдорго жакын жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жанында жол кыймылына тиешелүү жол белгилерди жана жерге төшөлгөн ылдамдыкты азайтуучу тепкичтерди (“лежачий полицейский”) орнотуу маселесин чечүү.

Мындан сырткары министр Алмазбек Бейшеналиев ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн Баткен облусунун 25 билим берүү кызматкерине төш белги жана ардак грамоталарды тапшырып, айрым мектептерге беш даанадан компьютер белекке берди.

Маалымат жана сүрөттөр  Билим берүү жана илим министрлиги  расмий баракчасынан алынды.

Фото галерея