Voleybol turnuvası zaferi

Anasayfa Haberler

Voleybol turnuvası zaferi

Image

ОшМУнун Финансы- юридикалык колледжинин студенттери Джалал-Абад областынын Майлуу-Суу шарында жайгашкан Борбордук Азия колледжинин 13 жылдык мааракесине арналган иш чарага катышты. Анда Кыргызстандын түштүк аймагындагы колледждер арасында волейбол боюнча өткөрүлгөн турнирде оюн көрсөтүштү. Мелдештердин жыйынтыгында Финансы- юридикалык колледжинин студенттеринен куралган командалар 1-2-орундарды ээлеп, диплом, кубок менен сыйланышты.

Буга чейин Майлуу-Суу шаарындагы Борбордук Азия колледжинин 5 окутуучу жана  60 студенттен турган делегациясы   24-мартта ОшМУга келип, тажрыйба алмашып кетишкен.

fotoğraf Galerisi