ИПКга 100дөн ашуун китеп белекке берилди 

Anasayfa Haberler

ИПКга 100дөн ашуун китеп белекке берилди 

Image

Ош шаарындагы Орус үйү ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык коллежине 100дөн ашуун окуу китебин белекке берди.

Китептер 28-октябрда коллежде өткөн жолугушууда тапшырылды. Иш-чарага Арктикалык мамлекеттик искусство, маданият жана креативдүү индустриялар университетинин өкүлдөрү жана Орус үйүнүн кызматкерлери катышты.

Жолугушууга Орус үйүнүн жетекчиси Дмитрий Аврам, Арктикалык мамлекеттик искусство, маданият жана креативдүү индустриялар университетинин доценти Владислав Грянкин, бүткүл россиялык жана эл аралык сынактардын лауреаты Мухаммед Артыкбаев, санариптик трансформация жана электрондук билим берүү боюнча проректор Элзарбек Эшаров, коллеждин окутуучулары менен студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жана окутуучулар даярдаган майрамдык концерт тартууланып, жаштардын  чыгармачылык эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду.

 

fotoğraf Galerisi