Өзбекстандык окутуучулар жана студенттер ОшМУнун медициналык түзүмдөрү менен таанышты

Anasayfa Haberler

Өзбекстандык окутуучулар жана студенттер ОшМУнун медициналык түзүмдөрү менен таанышты

Image

29-октябрда Анжиян шаарындагы «Айлим» медициналык техникумунун 15 окутуучусу жана 100дөн ашуун студенти Ош мамлекеттик университетинин Медициналык коллежине келип, окуу жайдын ишмердүүлүгү жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Коноктор коллеждин материалдык-техникалык базасын көрүп, окуу аудиторияларын, практикалык сабактар үчүн түзүлгөн шарттарды карап чыгышты. Жолугушууда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, студенттер менен окутуучулардын академиялык алмашуусун уюштуруу жана тажрыйба бөлүшүү маселелери талкууланды.

Сапардын алкагында Өзбекстандан келген коноктор университеттин Медициналык клиникасы, эл аралык медицина факультети, медициналык факультети жана башка түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен да таанышышты.

 

fotoğraf Galerisi