ОшМУнун профессору Москвада медицина багытындагы долбоор тууралуу баяндады

Anasayfa Haberler

ОшМУнун профессору Москвада медицина багытындагы долбоор тууралуу баяндады

Image

Эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, профессор Семетей Амиралиев Москвага кызматтык сапар менен барды.

Алгач ал Росомед уюмунун 15 жылдык юбилейине арналган «Медицинадагы симулациялык окутуу: тажрыйба, өнүгүү жана инновациялар» эл аралык конференциясына катышып, баяндама жасады. Анда Ош мамлекеттик университетинде быйылкы жылдын апрель-сентябрь айларында ишке ашырылган «Медиктердин кесиптик билимдеринин деңгээлин текшерүүгө багытталган «Своя игра» форматындагы интеллектуалдык викторина» долбоору тууралуу айтып берди.

Андан тышкары профессор симуляциялык билим берүүнүн, жасалма интеллекттин жана виртуалдык пациенттин медицинада колдонулушунун актуалдуу маселелерине арналган мастер-класстарга, талкууларга, көргөзмөгө катышты.

Сапардын жүрүшүндө Амиралиев Москва мамлекеттик педагогикалык университетинин филология институтунун директору менен жолугушту. Тараптар биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгү сыяктуу эки тараптуу өнөктөштүктүн приоритеттүү багыттарын талкуулашты.

 

fotoğraf Galerisi